1. Негизги маалыматы
Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмү 1936 жылы негизделген.
Толук аты: Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмү
Бөлүмдүн башчысы:
Дареги: 722100, Кыргыз Республикасы Ысык-Көл областы Ысык-Көл району Чолпон-Ата шаары, Мамбеталиев көчөсү №14
тел.: (03943) 43321, факс: (03943) 43358
2 Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн тарыхы
Билим берүү системасынын тарыхында элге билим берүүнүн башы 1909-1910 жылдардан башталат. Буга чейин билим берүүнү жергиликтүү диний кызматкерлери тарабынан ишке ашырылып келген. Сазановка азыркы Ананьево айылында орус мектеп интернаты 1909- жылы ачылат. Мектеп азыркы Ленин жана Подгорный көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Азыркы мезгилде бул жерде №3 бала бакчанын имараты иштеп келет. Мектепте орус балдарынан башка жатаканасы менен кыргыз байларынын балдары үчүн атайылап ачылган мектеп-интернаты болгон. Алгачкы окуучулардан болуп кыргыз элинин атактуу инсандары Кызыл профессор ,кыргыз илиминин жылдызы К.Тыныстанов 1912- жылдан баштап 1914- жылга чейин, ушул эле мектепте 1910 жылдан 1915 жылга чейин саясий кызматкер, кыргыз мамлекеттүүлүгүң туптөөдө зор салым кошкон Ж.Абдрахманов, репрессияга учураган саясий кызматкер Асанхан Жээнбаевдер билим алып окуган.
Кийин бул мектеп 1924- жылы жаны түптөлүп, азыркы Ананьеводогу №2 мектеп болуп иштей баштаган.
Сазановка айылында тузем мектебинен сырткары орус көпөстөрүнүн балдары үчүн чиркөө алдында диний мектеп иштеген.1920 жылы Совет өкмөтүнүн токтому менен советтик мектеп болуп ачылып,эл билим алууга умтула баштаган. Ошол кездеги алгачкы мектептин жетекчиси Чернов Иван Николаевич болгон.
1930- жылы Совет өкмөтү тарабынан элге башталгыч билим берүү жөнүндөгү токтому чыккан. Ушул токтомду аткаруу максатында жер жерлерде башталгыч мектептер ачылып элге билим бериле баштайт. 1935- жылы ушул эле айылда жаңы мектеп курулуп, 5-6-7 класстар ачылган, андан кийин 8-9-10 класстары ачылып райондо биринчи жолу орто мектеп болуп ишке кирген. Бул мектепке Семеновка, Григорьвека,Ой-Тал, Кутургу айылдарынан бери келип билим алышкан. Анда 18 класс комплект менен 580 окуучу билим алган. 1939 жылы алгачкы 14 окуучу мектепти аяктаган .Ф,И,О, (СУРОТ) Бул мектепти учурунда Советтер Союнунун баатыры Н.Я.Ананьев ,Даък орденинин толук ковалери Н.Т.Глотов ийгиликтүү окуп,аякташкан. Совет мамлекети орногондон кийин 1918- жылы В.И.Лениндин майда улуттардын маданий турмушун которуу жонундогу декретинин негизинде жер жерлерде мектептер ачыла баштаган. 1920- жылдан баштап райондо алгачкы мектептер ачылып араб жана латын алфавитинде билим бериле баштайт.Эл агартуу майданында билим берүүнүн жаңы системасын түзүү боюнча иш чаралар башталып, кыздар менен эркек балдарды чогуу окутуу ишке киргизилген. Мындай мектептер 1921- жылы Чолпон-ата шаарында негизделип, биринчи мугалим Жалиев Иманбай болгон, кийин кана 1965 жылы көзү өткөн. Иманбай агайдын айтуусуна караганда 1921 жылга чейин туруктуу орду жок башталгыч мектеп болгон жана Бирликтин жогору жагында сокмо тамдан турган.1926 жылы туруктуу мектеп негизделип Н.Кыштообаев, Т. Каптагаев агайлар жетектеген . Азыркы Госрегистр жана райондук прокуратура ээлеп турган имарат экен.
1925- жылы орус класстары ачылып Кулешова О.А. жетектеген, андан кийин 1928-жылы Н.Я.Рапопортко (конезаводдун директорунун аялы) өткөрүп берген. Мектепте дыйкандардын жана конезаводдун жумушчуларынын балдары келип окуган. Азыр райондук музей жана китепкана жайгашып турат.
1920- жылы Кара-Ой айылында эки жылдык мөөнөт менен латын тамгалары колдонулган сабактар өтүлө баштайт, ушул эле жылы ушундай эле мектеп Чок-Тал айылында ачылган, 1921- жылы Чон-Сары-Ой айылында Бекташ аттуу молдонун үйүндө араб тилинде билим берилген, аларды Досаалы молдо окуткан. 1939- жылдары Чон-Сары-Ой айылындагы биринчи мугалим Деркембаев Абакир агай болгон. Ал киши биринчи ликбез мектебин ачып , элдин сабатсыздыгын жойгонго чон салым кошкон. Ал эми Бостери айылында биринчи динсиз мектеп Кызыл тоонун тубундо, Бактынын багы деген жерде эски мечитте 1918- жылы негизделген. Балдарга арипти таа , окуганды үйрөткөн биринчи мугалим Өмүркан Кожомберди уулу болгон.1921 жылы мектеп Бостери айылынын так ортосуна көчүрүлүп келинген. Окуучулар боз үйлөрдө, жерге отуруп окушкан.1924 жылы 4 бөлмөлүү мечит бошотулуп берилип башталгыч класстары пайда болот. Бул мектепте мугалим Байбосунов Белек агай билим берген. Агай балдарга билим берүүдө зор эмгек жасаган. Бостери айылынын жогору түндүк батыш жагында жайгашкан Боз-Ала тоосунун аркы бетинен топурак алып келип, бышырып бор катары пайдаланган. 1933-38 жылдары толук эмес орто мектебине айланып 1947-48 окуу жылында18 окуучу орто билимдин аттестатына ээ болушкан. 1986-жылы мектептин директору Мусаканов Султанаалы агайдын зор эмгеги менен азыркы мектептин имараты ишке берилип, жаш муундарга татыктуу билим, тарбия берилүүдө.
1924 жылы жогорудагыдай мектеп Чоң-Өрүктү айылында Ногойбай аттуу адамдын үйүндө ачылып, окуйм деген жаштарга билим бериле баштайт.
Биринчи директор татар же ногой улутундагы аты жөнү белгисиз адам жетектеген. 1924- жылдан баштап 1940- жылдарга чейин райондун бардык айылдарында сабатсыздыкты жоюуу иштери жүргүзүлүп, башталгыч жана жети жылдык мектептер пайда болгон.
1927-28 жылдары Темир айылында Канаев Жакып деген жергиликтүү тургундун үйүндө мектеп ачып , Молтоев Акмат агай тарабынан уюштурулат.
1933 жылы орто мектеп Дөөлөтов Ашыралы тарабынан уюштурулуп, балдарга орто билим бериле баштайт. Ошол эле жылы райондун мал чарбасында жана дыйканчылыкта эмгектенген эмгекчилердин балдары жана жетим балдар үчүн мектеп интернаты уюштурулуп, кыргыз элине татыктуу инсандарды тарбиялоодо көп жетишкендиктерге жетишкен. Темир айлындагы балдар интернаты 1950- жылы Чон-Сары-Ой айылына көчөрүлүп , 1954- жылга чейин жалаъ кыз балдарга билим тарбия берген. Бул интернаттын бүтүрүүчүлөрү 1954- жылы медициналык атайын орто окуу жайларына жиберилип , билимин улантышкан.
Райондун билим берүү системасы көп токскоолдуктарга дуушар болгондугуна карабастан өнүп өсүүнүн жолунда болду. Мектептерди түзүүдө өзгөчө кыйынчылыктар мугалимдердин, имараттын, жаңы окуу китептеринин, жаны программалардын жоктугунан келип чыккан. Мектептерде 1927 жылдан баштап биринчи пионер отряддары, комсомол уюмдары түзүлө баштаган. Эң биринчи пионер уюму Ананьводогу азыркы Н.Лященко атындагы орто мектебинде уюштурулуп пиринчи пионер вожатый Н.Г.Лященко иштеген. Азыр бул адамдын атын мектеп алып жүрөт. Бул уюмдар элге билим берүүнү өнүктүрүүдө, жаштардын билим алуусуна, аларды мектепке тартууга жана тарбия берүү иштерине чоң өбөлгө түзгөн. Ал эми экинчи дүйнөлүк согуштун жүрүп жаткандыгына карабастан 1942- жылдан баштап райондун билим берүү системасы кириллица алфавитине өткөн. Жаш муундарга окуу тарбия иши замандын татаалдыгына карабастан жүргүзүлүп үзгүлтүксүз эмгек менен айкалыштырылган. Жалпы элге билим берүү колго алынып райондо жаштардын кечки смендүү сырттан окуу мектеби бардык мектептерде уюштурулган. Улуу Ата-Мекендик согуштан кийин 1950- жылдардан баштап айылдарда орто мектептеринин пайдубалдары жаныртылып курула баштаган. Алар Чоктал, Өрнөк, Чон-Өрүктү, Орто –Өрүктү, Тамчы, Чырпыкты, орто мектептери курулуп 8 жылдык билим берүүгө ылайыкталган.
1970- жылдын 1990 -жылдарга чейин Тору-Айгыр, Чон-Сары-Ой, Эмгекчил Кара-Ой, Чолпон-Атада С.М.Киров, А.Осмонов,Бактуу долоноту, Бостери, Корумду, Булан –Соготту, Темир,Григорьевка, Семеновка, Ананьево №1.Кок-Добо, Кароолдобо орто мектептери курулуп, райондун ар бир айылында 1990 жылга чейин орто билим берүүчү мектептер иштей баштаган. Бул иш 1990- жылдарга чейин жургузулуп райондун 90% мектеби типтүү мектептер болуп курулган. Кыргыз Республикасы эгемедүү мамлекети болгондон бери райондо Акун Мыктыбек уулу атындагы орто мектеби К.Кудайбердиева , А.Түмонбаев атындагы орто мектептери курулуп ишке берилди.
Азыркы учурда райондун Орто-Өрүктү айылындагы Ж.Шабиров, Жаркымбаев айылындагы К.Маматов, Чырпыкты айылындагы К.Тыныстанов атындагы орто мектептери жана Өрнөк айылындагы Өрнөк орто мектебинин курулуштары 2015 жылы башталды.
1994 жылы Тамчы айылында райондук мектеп лицейи, 1996-1997 окуу жылында Бостери айылында А.Мамытов атындагы лицей мектеби ачылган. 2009-2010 окуу жылында бул лицей мектептери гимназия мектеби , ошону менен бирге Чолпон-Ата шаарындагы А.Осмонов атындагы орто мектеби гимназия статусун алып , окуучуларга билим берүүдө жакшы жетишкендиктерге жетишүүдө. Григорьвека айылындагы А.Пушкин , Бостери айылында Х.Жээнбаев, Чолпон-Ата шаарындагы С.М.Киров атындагы орто мектептерде лицей класстары ачылды. Улуттук этнографиялык Эмгекчил лицей -мектеби иштөөдө.Азыркы мезгилде райондо 30 мектеп, анын ичинде 3 гимназия, 3 мектеп лицейлеринде 14578 окуучу, 1068 мугалим эмгектенип жатат. 12 мектеп кыргыз орус тилдеринде окутулса 18 мектеп таза кыргыз тилинде окутулат.
Райондун билим берүү системасынын 80 жылдык тарыхында мамлекет тарабынан эмгектери бааланып, мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон мугалимдер жок эмес. Бул мугалимдер эмегинин актыгы,нысаптуулугу, пакизалыгы, намыскойлугу,күжүрмөндүгү тайманбастыкары менен жалпы журттун терен урматтосуна жана ак ниеттүү сыйына татыктуу болушкан. Атап айтса алар
-Мусаканова Ажаркан- Бостери орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими «Кызыл туу» орденинин ээси,
-Мамытов Мырзакан-Темир айылындагы балдар интеранатынын математика мугалими. «Ленин орденинин» ээси,
-Маматов Казакбек-Жаркынбаев айылындагы орто мектебин 37 жыл башкарган директор «Октябрь революцисы» орденин ээси. КР.Эмгек синирген мугалими,
-Карой орто мектебинин кыргыз тил мугалими Эмилканов Айке- Н.К. Крупская атындагы сыйлыгынын ээси,
-Натаров Ф.Ф.- Чон-Орукту орто мектебинин орус тили мугалими. Н.К.Крупская атындагы сыйлыгынын ээси,
-Логинова А- Долинка орто мектебинин орус тили мугалими,СССРдин эмгек синирген мугалими наамынын ээси,
-Сулайманов М – Бостери орто мектебинин математика мугалими «Эмгектеги каармандыгы учун» медалдынн ээси КР билим бер=үнүн отличниги.
-Акешова Зуура - Ардак белгиси орденин жана Эмгектеги каармандыгы медалынын ээси Чон-Сары-Ой орто мектебинин башталгыч классынын мугалими.
-Шукурбаева Шарый- Темир орто мектебинин мугалими Кыргыз ССРинин эмгек синирген мугалими.”Эмгектеги каармандыгы учун” медалынын ээси
-Сатыбалдиева Кымбат-Тамчы орто мектебинин француз тили мугалими, Кыргыз Республикасынын Эмгек синирген мугалими
-Саякбаева Турар Сайпидиновна -А.Осмонов атындагы мектеп гимназиясынын биология мугалими .КР эмгек синирген Мугалими, КР эл мугалими наамынын ээси.
-Молдоканов Имаш-Корумду орто мектебинин геогр.тарых мугалими СССРдин отличниги
-Рыскелдиев Кемел-СССРдин эл агартуусунун отличниги , дене тарбия мугалими
Райондун билим Берүү системасы түптөлө баштаган өткөөл мезгилдеги оор заманда эмгек кылган алгачкы мугалимдердин аты жөнүн урпактарга калтыруу биздин милдет деп эсептейбиз;
Чернов И.Н- Ананьево айлындагы мектептин жетекчиси;
Жалиев Иманбай, Н.Кыштообаев, Т.Каптагаев, Кулешова, Н.Рапопорт, Чолпоната шаарындагы мектеби;
Досаалы Молдо, Бекташ молдо, Деркембаев Абакир, Итикеев Асаналы Чон-Сары-Ой айылы;
Жылкычиев Касым,Шадыканов Акматалы, Орозбаев Каный , Болокбаев Менмат, Сааданбеков Иманалы- Орто –Орукту айылы;
Асылбаев Асан, Казакбек Маматов-Жаркынбаев айылынан;
Молтоев Акмат,Канаев Жакып, Доолотов Ашараалы-Темир айылынан;
Омуркан Кожомберди уулу, Байбосунов Белек-Бостери айылы;
Жакып ажы Атантай уулу, Абдраим Чункулдак уулу,Усубакун Каптагай уулу,Осмон Кыштообай уулу-Чоктал айылынын мектебинде;
КыштообаевН, Т.Каптагаев, Жалиев Иманбай, О.Кулешова, Н.Рапопорт-С.М.Киров атындагы орто мектеби;
Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери; Улуу Ата –Мекендик согушка чейин билим берүү бөлүмүн кимдер жетектегени
белгисиз болууда. Таберик Кыдырмаев - Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында 1942 жылдары , Рахманкул Адаев- 1952 жылга чейин, Жунусов Султан-1952 жылдан1954 жылга чейин , Ибраимов Жумаш - 1954 жылдан 1958 жылга чейин, Сааданбеков Иманаалы , Усубалиев Жума, Исраилов Шарше, Акунов Абыл, Иманалиев Белек, Аблекеев Мамин, Кадыралиев Самыйбек, Мадыбаев Жапар, Жолдошев Сүйүнаалы, Шаршалиев Эсен, Мамытова Гулжан жетектеп келишкен. Ал эми 2003 жылдын ноябрь айынан бери Абирова Дамира Эсеналиевна жетектеп келүүдө. Райондун билим берүүсүндө көптөгөн ийгиликтер жаралып, окуучулардын билим алуусуна эң жакшы шарттар түзүлдү.
Топтогон З.Сулайманова