Дата публикации: Feb 18, 2021 3:34:31 AM
2020-жылга карата аткарылган иштер боюнча маалымат
Билим берүү тармагы
Ысык-Көл району боюнча жалпы 30 билим берүү мектеби, 23 бала бакча бар.Жалпы билим берүү мекемелеринде 1212 мугалим жана 131 тарбиячы эмгектенет, анын ичинде 250 пенсионер жана 187 жаш адистер, жетишпеген кадлар - 13 мугалим. Ошондой эле, райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы Ысык-Көл райондук балдар чыгармачылык үйүндө 13 мугалим 11 ийримде иш алып барышып, 362 окуучу ийримдерге катышып, эстетикалык жактан тарбия алышууда.
Кадр боюнча.
2019-жылы 124 тарбиячы эмгектенсе 2020-жылы 131 тарбиячы эмгектенүүдө.
2019-жылы 149 мугалим атайын курстан өтсө, 2020-жылы январь айынан тартып 134 мугалим жана 42 бала бакча педагогдору атайын курстан өтүштү, карантин учурунда мугалимдердин квалификациясын көтөрүү дистанттык форматта онлайн жүргүзүлдү. Дистанттык онлайн окууга мугалимдердин көпчүлүгү тартылууда, март-июнь айларында 80 мугалим дистанттык форматта онлайн билимин өркүндөтө алышты.
7-январдан тартып мугалимдер үчүн методикалык иш чаралар уюштурулуп, физиктер үчүн Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденциясында окуу жүргүзүлдү, 9-10-11-январда И.Абдуразаков атындагы мектеп-лицейинин базасында англис тили мугалимдери үчүн окуу өтүп 30 мугалим катышты, мектеп директорлору үчүн Бишкек шаарында 7-апрель көчөсү 1/1 дарегинде “Мугалимдерди каржылоонун тартиби”, “Мугалимдердин дистанттык квалификациясын жогорулатуу курстарынын эрежелери”, ”Мамлекеттик сатып алуулар”, “Мектепке каржы булактарын тартуунун жолдору”, “Кадр маселеси” темаларында 3 күндүк окуу-семинары өтүлүп, райондон 4 мектептин директору катышты.
Тамчы мектеп-гимназиясында кыргыз тили жана орус тили мугалимдери үчүн Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 3 күндүк окуу-семинары уюштурулуп 45 мугалим катышты.
“Билим Ордо” мектеп-комплексинин базасында тарых, адам жана коом сабагынын мугалимдерине 1 күндүк окуу семинары уюштурулуп 30 мугалим катышты.
Мектептерде жана бала бакчаларда педагогдордун билимин көтөрүү боюнча иш чаралар жүргүзүлүп, 2020-жылдын март айында 10 пилоттук бала бакчанын тарбиячылары жана жетекчилери ЮНИСЕФтин программасы боюнча 10 күндүк тренингден өттү. 2020-жылдын январь айынан май айына чейин 15 тарбиячы “Балалык” программасы боюнча, 6 тарбиячы “Наристе” программасы боюнча кыалификациясын жогорулатуу курстарынан өткөрүлдү. Ошондой эле мугалимдер арасында январь айынан март айына чейин Каракол шаарындагы ОИУУдан (Областтык билим берүү институту) 25 мугалим билимин жогорулатуу курстарынан өтсө,май-июнь айында 70 мугалим Бишкек шаарындагы КАОдон (Кыргыз улуттук академиясы) 72 сааттык “Окутуудагы жана баалоодогу заманбап билим берүү технологиялары - Современные образовательные технологии в обучении и оценивании” аттуу аралыктан окутуучу онлайн курстан өткөрүлдү.
2020-2021-окуу жылына карата Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу ЖОЖдор менен байланышуу менен 42 жаш кадрларга билдирме берилди. Алар башталгыч класстарынын мугалимдери, физика, химия, математика предметтери боюнча мугалимдер. Билдирме берилген мугалимдерден 10 мугалим мектептерге жиберилди.
Билим сапаты.
2019-2020-окуу жылынын сентябрь айында окуучулардын саны 16636 окуучу болсо, май айынын учету менен алардын саны 16124 кыскарган. Окуу жылынын ичинде 512 окуучу райондон чыгып кеткен.
2020-жыл ичинде жалпы билим берүү мектептеринде мектеп окуучуларынын билим сапаты төмөндөгүдөй аныкталды.
ЖРТ.
2019-жылы жалпы бүтүрүүчүлөрдүн саны 655 окуучу 11-классты жана 1316 окуучу 9-классты аяктаса, 2020-жылы 849 окуучу 11-классты жана 1343 окуучу 9-классты аяктады.
11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн 2019-жылы ЖРТга 584 бүтүрүүчү катталып 54% көрсөткүч берген жан эӊ жогорку балл 217 Кашат айылындагы К.Кудайбердиева атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү ээ болгон, ал эми, 2020-жылы 738 катталып, 55% көрсөткүч берди жана ошондой эле 2020-жылы 1 артыкчылык сертификатына Темир айылындагы Э.Керимгазиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү ээ болду. Эӊ жогорку балл 203 Кашат айылындагы К.Кудайбердиева атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Ашыраканова Сезим, 202 балл Асанова Роза жана Григорьевка айылындагы А.Пушкин атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Протопопов Данил ээ болгон.
“Алтын тамга” артыкчылык аттестаты
2018-2019-окуу жылына карата “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына 5 окуучу талапкер болгон, бирок бир дагы бүтүрүүчү артыкчылык аттестатына ээ боло алган эмес.
2019-2020-окуу жылында “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына 18 окуучу талапкер болуп, 4 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатына ээ боло алышты:
- Ыдырысов Намыс Таалайбекович- Э.Керимгазиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү;
- Тумарбекова Акшоола Тумарбековна- И.Абдуразаков атындагы мектеп-лицейинин бүтүрүүчүсү;
- Асанова Алия Омуркуловна- К.Бектенов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү;
- Жумагазиева Арууке Зарыловна- Тамчы мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү.
Олимпиада.
2019-жылдын 24-26-февралында Каракол шаарында өткөрүлгөн областтык предметтик олимпиадасына 32 окуучу катышып, 6 байгелүү орун менен кайтышкан жана Республикалык предметтик олимпиадага Ч.Иманкулов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Чорчоев Данияр химия предмети боюнча 4 орунга ээ болгон ал эми, 2020-жылдын 26-28-февралында каракол шаарында өткөрүлгөн Областтык предметтик олимпиадасына Ысык-Көл районунун жалпы билим берүү мектептеринен 34 окуучу тандалып жиберилип 11 байгелүү орундарга ээ болуп, Республикалык предметтик олимпиадасында 1 орунга Э.Керимгазиев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Ыдырысов Намыс физика предмети боюнча жана Ч.Иманкулов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Чорчоев Данияр химия предмети боюнча ээ боло алышты, 2-орунга А.Пушкин атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Протопопов Данил физика предмети боюнча жана Т.Атаев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Каипов Жусуп информатика предмети боюнча ээ боло алышты, 3-орунга Ч.Иманкулов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Бекенова Саадат биология предмети боюнча жана Х.Жээнбаев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Нурбекова Бегимай химия предмети боюнча ээ боло алышты.
Бүтүрүүчүлөр тууралуу маалымат.
2019-2020-окуу жылында 849 бүтүрүүчү аяктап, анын ичинен 467-ЖОЖго (89 бюджеттик негизде), 328-орто окуу жайларына тапшырышты. Аскердик кызматка 7 бала кетти жана Россияга ж.б чет мамлекетке 5 бүтүрүүчү кетти.
ЖОЖдордун гранттык орундарына кабыл алынган бутурүүчүлөр ВУЗдар боюнча төмөндөгүдөй жыйынтыкты берди.
Жыйынтыгында жалпы бүтүрүүчүлөрдүн 55% жогорку окуу жайларга, анын ичинен 10 % бюджеттик бөлүмдөргө өтүшкөн.
Инклюзив.
Район боюнча мектептерде 181 ден соолугун мүмкүнчүлүгү чектелген бала билим алат, ал эми мектептен келип билим алууга мүмкүнчүлүгү жок 30 балага үйдөн билим берүү уюштурулду. А.Мамытов атындагы мектеп-гимназиясынын базасында 2019-жылы коррекциялык класста 19 бала билим алса, 2020-жылы 25 бала катталган. Таптакыр билим алууга мүмкүнчүлүгү жок балдар 6.
Мектепке тартылбаган окуучу.
2019-жылы 1 окуучу, 2020-жылы 1 окуучу. Ананьево айылындагы Н.Лященко атындагы орто мектебинин аймагынын жашоочусу Аскаров Жыргалбектин мектеп жашындагы кызы Жыргалбек кызы Гүлдана (2006-жылы туулган) . Ата-энеси диний көз караштагы адамдар. 2020-жылдын сентябрь айынан бери Н.Лященко атындагы орто мектебинин кабыл алынды. Учурда мектепке тартылбаган окуучу жок.
Мониторинг.
2020-жылдын январь айына карата Нурдөөлөт ата, Бает, Т.Атаев атындагы орто мектептеринин окуу-тарбия иштеринин абалы каралып, кемчиликтеринин үстүндө иштөө мектеп директорлоруна милдеттендирилди. 2020-жылдын февраль-март айларында Ш.Эсеналиев, Өрнөк, А.Түмөнбаев, Ж.Абдрахманов, мектептеринин билим сапаты каралды.
Райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 21-22-январында мектеп администрациясынын ишмердүүлүгү жана мектепте окуу-тарбия иштеринин жүрүшү каралып, жеринде көрсөтмөлөр берилди.
Ошондой эле Чоң-Сары-Ой айылындагы “Ынтымак” бала бакчасынын, Бактуу Долоноту айылындагы “Березка” бала бакчасынын, Бостери айылындагы “Келечек Башаты” бала бакчаларынын окуу-тарбия иштери каралды.
Координациялоо.
2020-жылга карата райондук билим берүү бөлүмүнүн, бөлүмдүн алдындагы метод кабинеттин, балдар чыгармачылык үйүнүн пландары түзүлүп, мектептерде окуу пландарынын жана программаларынын аткарылыштары боюнча иш чаралар аткарылды. “Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына карата план түзүлдү.
Мектептерде жана бала бакчаларда базистик окуу планынын аткарылышы көзөмөлдөнүп турду.
3-4-чейректердин жыйынтыгы чыгарылып, билим сапаты аныкталды.
Январь айынын коллегиясы өтүлүп, 2019-жылында аткарылган иштердин отчет-анализи угулуп, 2020-жылга карата план кабыл алынды.
Олимпиадага даярдыктар, ЖРТ даярдык көрүү иштери боюнча багыт берилди.
2020-жылдын март айынан тартып бардык мектептер жана бала бакчалар карантинге байланыштуу кезексиз каникулга таратылды. 2020-жылдын 8-апрелинен тартып 4-чейрек дистанттык форматта аралыктан окутуу башталды. Мектеп мугалимдерине жана бала бакча тарбиячыларына онлайн видео сабактарды, онлайн тарбиялык сааттарды даярдоого багыт берилип, жапырт онлайн видео сабактарды өтүлүп баштады
“Өлкөнү санариптештирүү, региондорду өнүктүрүү жана балдарды коргоо”жылына карата аткарылган иш чаралар.
Мектептерде “Өлкөнү санариптештирүү, региондорду өнүктүрүү жана балдарды коргоо”жылына карата пландалган иш чаралар аткарылып келет. Санариптештирүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча ар бир мектепке жергиликтүү бюджеттен жогорку ылдамдыктагы интернет байланышы туташтырылып, “Электрондук журнал” долбоору ишин жүргүзүүдө. Бардык мектептерде “ЭлЖур” долбоору толук кандуу иштеп жатат. Мектептер мугалимдер тарабынан демөөрчүлөр тарабынан компьютерлер менен камсыздоого аракетин жасап жатышат. Х.Жээнбаев атындагы мектеп-лицейи демөөрчүлөр тарабынан мектепке 43 компьютер алган. Айрым мектептерде мугалимдер ноутбуктарды сатып алуу менен “ЭлЖур” долбооруна кирип иштеп жатышат.
Учурда мектептерде 438 компьютер, 69 принтер, 36 интерактивдүү доскалар бар.
Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ар бир мектептин китепканасына компьютер жана проекторлор менен камсыздоо пландаштырылган, карантинге байланыштуу аткаруу убактылуу токтоп калган.
Акун Мыктыбек уулу жана О.Джумаев атындагы орто мектептерине “Акылдуу мектеп” долбоору тарабынан “Электрондук китепкана” уюштуруу иштери турат. 2019-жылы 1 мектепте; И.Абдуразаков мектебинде уюштурулган, 2020-жылы 2 мектепке уюштуруу каралууда. ”Билим Ордо” жана К.Бектенов атындагы мектептерге 2.5 млн сомго 6 турникет орнотулду.
Видео көзөмөл 2019-29, 2020-29 мектеп ( Өрнөк мектебинде видео көзөмөл коюлбай келет) , бала бакчаларда 2019-17, 2020-17.
Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2020-жылдын декабрь айында ар бир мектептин китепканасына бирден компьютер жана принтер коюлду.
2020-жылдын апрель-май айыларында өткөрүлгөн Республикалык “Санарип мугалим” кароо-сунагында Тамчы мектеп-гимназиясынын математика мугалими Эшимканов Нурдан 1-орунга ээ болуп ноутбук менен сыйланды.
Ысык тамакты уюштуруу боюнча.
2019-2020-окуу жылына карата 24 мектепте ысык тамак уюштурулду, ал эми 2020-2021-окуу жылына карата 2 мектеп ысык тамак менен камсыздалууга пландаштырылды: П.Колесников жана К.Маматов атындагы орто мектептеринин ашканаларын капиталдык ремонттон өткөрүү менен ысык тамакка киргизүү пландалган. 2020-жылдын июнь айындагы Областтык мамлекеттик администрациясы жана ВППООН кызматкерлери менен бирдикте өткөрүлгөн жыйындын кароосунун негизинде каражаттын жетишсиздигине жана капиталдык ремонттун сметасынын баасы 5 млн сом (мектептин чатыры 3 млн, ашкананын капиталдык ремонту 2 млн сом) керектелгендигине байланыштуу П.Колесников атындагы орто мектебинин капиталдык ремонту кийинкиге калтырылды. Жаркымбаев айылындагы К.Маматов атындагы орто мектебинин ашканасы мектептин курулушу менен аяктап, ысык тамак берүүгө даяр жана жетпеген ашкана эмеректери үчүн 300.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
Методикалык иш чаралар.
2020-жылдын январь айында Э.Керимгазиев мектебинин базасында мектептердин мугалимдери үчүн “Устат-шакирт” семинары өтүлүп, ар бир мектептен 2 ден мугалим катышып устат мугалимдердин тажрыйбасы жайылтылды.
И.Абдуразаков атындагы мектеп-лицейинде жаш мугалимдерге семинар өтүлүп, жаш жаңы келген мугалимдерге журнал толтуруу, конспект жазуу, сабактын планын даярдоо ж.б темаларда кеңири түшүнүк берилди.
2020-жылдын февраль айында “Англис тили 10 күндө” темасында англис тили жумалыгы өткөрүлдү.
АКМО тарабынан Кыргыз-түрк лицейлерине тандоо максатында олимпиадалар, “Билимкана” , “Аракет” жогорку класстар үчүн НЦТ, СЕКОМ олимпиадалары өткөрүлүп турат.
Карантин мезгилиндеги дистанттык форматта окутуу боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мектептерге дистанттык окутуу боюнча көрсөтмөлөр берилип турду.Видео сабактарды тартуу боюнча көрсөтмөлөр, расписание түзүүдө көрсөтмөлөр берилип, Ысык-Көл районунун Н.Лященко атындагы орто мектебинин расписаниеси Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жактырылып, жалпы Республиканын билим берүү мекемелерине таратылды.
Мектеп мугалимдери видео сабактар боюнча жалпы республикалык кароо-сынакка катышууга даярдык көрүп, видеосабактардык конкурсу жүрүп жатат. Район боюнча телевизору жок мектеп окуучуларына мектептин телевизорлору убактылуу берилди. Мектеп окуучуларынын видео сабактарга, дистанттык окутууга толук кандуу катышы үчүн бардык шарттар түзүлүп жатат. Мегаком жана О байланыштары аркылуу мугалимдерге жана окуучуларга 2 ай мөөнөтүндө бекер пайдалануу үчүн симкарталар таратылды.
15- январда МУБ жетекчилери үчүн окууга үйрѳтүүдѳ мугалимдерге усулдук колдоо кѳрсѳтүү боюнча 3- механизми «Үлгү сабактарды талдоо» семинары Т. Атаев мектебинде ѳткѳрүлүп, «Үлгүлүү видео сабактарды талдоо» конкурсун 26- февралда чыгыш зона боюнча М.Абдразаков мектебинде, 4-мартта батыш зона боюнча Өрнѳк мектебинде ѳтѳрүлүп, сынактын калыстары тарабынан тѳмѳндѳгү мугалимдердин сабактары Жайсанова Фатима - Э.Керимгазиев атындагы мектебинин мугалими, Байзакова С. - А.С.Пушкин атындагы орто мектебинин мугалими, Сырдыбаева Динара- Акун Мыктыбек уулу атындагы орто мектебинин мугалими, Исаева Т. - Касым Тыныстанов атындагы орто мектебинин мугалими, Курманалиева З.- Өрнѳк орто мектебинин мугалими, Айбашова Ч. - А. Түмѳнбаев атындагы орто мектебинин мугалимдеринин сабактары тандалды.
22- январда USDI « Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» долборуунун негизинде окуучулардын жагымдуу алдыга умтулуусун калыптандыруу боюнча семинары ѳткѳрүлүп, мугалимдер кѳрсѳтмѳлүү сабактарды ѳткѳрүү менен башталгыч классынын окуучуларынын изилдѳѳ долбоорлоруна Түп районунан , Балыкчы шаарынын башталгыч классынын мугалимдери катышып, кесиптик тажрыйба алмашып кетишти.
Жаш устаттар жана мугалимдер үчүн 29-январда «Устат - шакирт» семинары Э.Керимгазиев атындагы орто мектебинде жогорку деӊгээлде ѳтүп, устат Жайсанова Фатима жана шакирт мугалим : Эркинбек кызы Мадинанын сабактары кѳрсѳтмѳлүү, үлгүлүү сабак болду.
25-февралда USAID «Келгиле окуйбуз» долбоору боюнча О. Джумаев атындагы орто мектебинде республикалык денгээлдеги «окуганын түшүнүү» темасында тажрыйба алмашуу семинары болуп ѳттү. Семинарга USAID «Келгиле окуйбуз» долбоорунун областтык координатору Жанадилов Т.С. , коомчулук менен байланыш боюнча адиси Адамбаев Улукбек катышты.Ысык-Кѳл областтык ОИУ башталгыч класстардын мугалимдеринин билимин жогорулатуу курсунун лобаратория башчысы Узакова Э.К. жана райондон курска барган 17 мугалим Ысык-Кѳл райондук билим берүү бѳлүмүнүн адиси Акматбекова В. катышып, ѳтүлгѳн сабактар катышкан мугалимдер үчүн кесиптик тажрыйбасына натыйжа бере алды.
13- мартта К. Тыныстанов атындагы У.Б жетекчиси : «Билим берүүнүн мыктысы» Исаева Тамаранын «Бенефиси» болду. Бенефиске Райондук Б.Б. бѳлүмүнѳн жана башталгыч класстарынын алдыӊкы тажрыйбалуу УБ жетекчилери, ийгиликтүү окуучулары , ата-энелер катышты.
31- мартта усулдук иш аралыктан жүргүзүлгѳнүнѳ байланыштуу МУБ жетекчилерине колдоо жана окутуу үчүн 4-механизм ѳз ара сабакка катышуу боюнча вебинары ѳтүлдү. Вебинарда USAID «Келгиле окуйбуз» долбоорунун регионалдык координатору Молдоева Алтынай , областтык координатору Жанадилов Т.С. ,Жети-Өгүз, Түп, Ак- Суу, Ысык-Кѳл райондук ББ бѳлүмүнүн алдындагы башталгыч класстар боюнча усулчулары менен бирдикте 4- механизм «Өз ара сабакка катышуу» вебинары ѳткѳрүлдү. Вебинарга райондогу мектептердин башталгыч класстарынын УБ нин жетекчилери толук катышты. Усулдук бирикменин жетекчилери ZOOM ыкмасы менен мугалимдер арасында семинарларын ѳтүштү жана кайтарым байланыш ZOOM жана Whatsapp ыкмасы менен ѳткѳрүлдү.
23- апрель «Бүткүл дүйнѳлүк китеп күнүнѳ» карата USAID «Келгиле окуйбуз» долбоору уюштурган видео сынакка райондогу долбоор боюнча максаттуу мектептердин башталгыч классынын окуучулары, ата-энелери , мугалимдери катышып, тѳмѳндѳгү мектептер байгелүү орунга ээ болушту. Видеороликтер хештег менен инстаграм баракчасына жүктѳлдү.
Республикалык байгелүү орунга А. Түмѳнбаев мектебинин 2- классынын окуучусу Советова Алина ээ болуп, телефонуна 1000 бирдик жүктѳлдү. Мугалими: Мусаева Калиман. Конкурстун «Мыкты катышуучусу» сертификатына ээ болушту.
Тарбия иштери
2020-жылга карата райондук билим берүү бөлүмүнүн тарбия иштери боюнча планы түзүлүп, пландын негизинде тиешелүү иш чаралар өз убагында аткарууга аракет кылынды. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу окуучулар онлайн, офлайн форматта билим алгандыктан бардык тарбия иштери, тарбиялык сааттар, ата-энелер чогулушу, ата-энелер университети онлайн жана офлайн режиминде аткарылды. 2020-жылдын январь айынан тартып мектеп окуучуларынын каникул убагындагы убакытын пайдалануу боюнча атайын пландар түзүлүп, кышкы каникул учурунда ата-энелер менен бирге спорт оюндары, ийрим иштери уюштурулуп турду. Белгилүү инспандардын юбилейлик иш чаралары өткөрүлүп, өрнөктүү адамдардын өмүрү балдарга үлгү болуп, таасир калтырды. 2020-жылдын март айынан тартып өлкөбүздөгү пандемияга карата мектеп окуучулары дистанттык билим берүүгө өткөрүлдү. Пландалган иш чаралар онлайн режимде аткарылып турду. Улуу Жеништин 75 жылдыгына карата иш чаралар өткөрүлүп, республикалык масштабда жарыяланган кароо-сынактарда байгелүү орунларга ээ болдук. Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 75 жылдыгына карата өткөрүлгөн конкурска катышуу үчүн 972 видеоролик жана тарбиялык сааттардын иштелмелери, көркөм окуу-48, вокал боюнча-15, монолог-диалог боюнча-10, “Өлбөс полк” онлайн жүрүшүнө 115 окуучу жана 65 мугалим катышты. ”Согуш мезгилиндеги мугалимдин түйшүгүн мээнетин көргөзүү”темасында көркөм чыгармалардын негизинде окуучулар сахналаштырып онлайн видеороликтерди даярдашты. Бардык видеороликтер жана видеосабактар Youtube, Facebook соц тармактарына жайгаштырылып турду. Райондун 11 окуучусу атайын белектер менен сыйланды. 4 мектеп Билим берүү жана илим министри К.Исаковдун “Ыраазычылык баракчасына” ээ болушту. “Мамлекеттик ишмер И.Раззаковдун 110 жылдыгына арналган “Сен таза болсон, мен таза болсом коом да таза болот! Аттуу онлайн дил баяндар кароо сынагы, “Ак илбирсти коргоо” күнүнө арналган областтык масштабда онлайн дил баян жана сурөт кароо сынакка райондун бардык мектептеринен окуучулар катышып, К.Бектенов орто мектебинин окуучусу 1-орун, А.Мамытов мектеп-гимназиясынын окуучусу Камелеева Ясмина 2-орун, Тамчы мектеп лийейинин окуучусу Асакеева Акмарал, байгелүү орунга ээ болду. Сүрөт номинациясы боюнча А.Осмонов Билим –ордо мектеп комплексинин окуучусу Емцева Дарья, Искакова Жаркынай, Акун Мыктыбек орто мектебинин окуучусу Шакиров Ислам ОЦДЮТ тарабынан ардак грамота менен сыйланды.
12-декабрда райондун бардык мектептеринде адабият күнү өткөрүлдү. Китепканаларда Ч.Айтматовго арналган бурчтар уюштурулду, офлайн окуп жаткан окуучулар арасында Ч.Айтматовдун чыгармаларынан сахналаштыруу болду. 25-декабрда Т.Атаев орто мектебинде “Манас таануу” интеллектуалдык таймаштын райондук туру өткөрүлдү. 1-орунду Ж.Шабиров, 2-орунду А.Түмөнбаев, 3-орунду Н.Г.Лященко жана А.С Пушкин орто мектептеринин командалары ээ болушту.
Жайкы каникулга таратуу убагында ата-энелер менен 3 тараптуу
келишимдер түзүлүп, жайында өзүн алып жүрүү, сууга түшүүдөгү коопсуздук
ж.б эрежелер менен тааныштырылды.
Мектеп администрациясы класс жетекчилер менен биргеликте күндүзгү жана түнкү рейддерди жүргүзүп, аз камсыз болгон окуучулар, кооптуу уй-бүлөөнүн, мигранттардын балдарын катуу көзөмөлгө алып ыкчам иштер аткарылып келет.
Мектептин соц педагогдору диний көз караштагы үй бүлөлөрдө тарбияланып жаткан окуучулар менен жана алардын ата энелери менен иш жүргүзүп келишет.
Бардык мектептерде “Зордук зомбулук” жана “Уй-бүлөөлүк зордук зомбулукту алдын алуу ” боюнча мектептин соц педагогдору атайын түзүлгөн пландын негизинде иш алып барышты. Ошондой эле “Суицидди алдын алуу боюнча” билим берүү бөлүмүнүн планынын негизинде ар бир мектепте план иштелип чыгып, тиешелүү иш чаралар үзгүлтүксүз аткарылууда. Жергиликтүү бийлик органдары, ата энелер менен жолугушуулар, айылдагы имамдар тегерек столдор өткөрүлүп, катышуучулар тарбиялык мааниси бар ой пикирлерди айтып келишет. Бирок, тилекке каршы, 2020-жылдын апрель-май айларында 2 мектепте суицид катталды. (Кожояр айылындагы Кожояр орто мектебинин 6-классынын окуучусу жана Чон-Сары-Ой айылындагы О.Джумаев атындагы орто мектепбинин 9-классынын окуучусу) жана ошондой эле Чолпон-Ата шаарындагы И.Абдуразаков атындагы мектеп-лицейининин окуучусун зордуктоо боюнча иш козголду. Жогоруда аталган иштерге байланыштуу мектептерде окуучулар арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча иш чараларды аткаруу, көзөмөлгө алуу иштери күчөтүлдү, социалдык педагогдор ЖОИ кызматкерлери менен бирдикте көзөмөлдө турган окуучулар менен жекече иш жүргүзүп келет.
Ноябрь айында “Социалдык адилеттүүлүктүн” бир айлыгы өткөрүлдү. Айлыктын алкагында окуучулар арасында социалдык адилеттүүлүк боюнча түшүнүк берүү максатында “Биздин өлкөдөгү социалдык адилеттүүлүк жөнүндө менин элестөөм” деген темада дил баяндар жазылып жана социалдык адилеттүүлүк темасында класстык сааттар онлайн, офлайн өткөрүлдү. Видео роликтер жасалып интернет булактарына жайгаштырылды.
“Адам укугу”боюнча дил баяндар жана сүрөттөрдүн кароо сынагынын райондук туру онлайн өткөрүлүп женүүчү болгон окуучулар областтык турга катышып А.Мамытов мектеп лицейинин окуучусу Брелякова Елизавета 1-орунга ээ болуп, баалуу белектердин ээси болду.
Дистанттык форматта аралыктан окутуу.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып 1-класстардын 1852 окуучусу салттуу режимде, ал эми 2-11-класстардын окуучулары онлайн режимде окутулду, ал эми 2020-жылдын 18-ноябрынан тартып 6 мектеп (М.Ноорузбаев, Нурдөөлөт ата, Бает, Ж.Бейшекеев, Ш.Эсеналиев, И.Бейшембаевмектептери) толук окутулуп, ал эми 24 мектептин 1-5,9,11 класстарынын окуучулары салттуу режимде окутулуп, 6-8, 10 класстарынын окуучулары онлайн окутууну улантышты. Онлайн окутулуп жаткан окуучулар үчүн окуу процесси ТВ, Watsapp, Zoom, телеграмм, электрондук даректер аркылуу жүргүзүлүп жатты. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан атайын расписаниелер түзүлүп, телевидение аркылуу берилип турду жана ал расписаниелерге мектеп тарабынан кошумча расписание түзүлүп ватсапп группалар аркылуу сабактар өтүлүп турду. Ар бир предмет боюнча мугалимдер мектеп окуучулары жана алардын ата-энелери менен байланышып темаларды түшүндүрүү менен кайтарым байланыш алып турду. Район боюнча жалпы 30 мектепте 1212 мугалим 15185 окуучуга дистанттык форматта сабактарды өтүп турушту жана алар ар жума сайын Zoom аркылуу 80 ден байланыш, Watsapp аркылуу 1287, classroom аркылуу 60, электрондук даректер аркылуу 40, телеграмм ж.б ресурстар аркылуу 30 дан байланыш түзүлүп турду. Ошондой эле 22 бала бакчада 131 тарбиячы “Баластан” телевидениеси жана Watsapp группалар аркылуу ар жума сайын 3300 бала жана 1915 ата эне менен кайтарым байланышта болуп турушту. Мугалимдер окуучулар үчүн атайын 1560 видеосабактардын иштелмелерин, 1068 онлайн тарбиялык сааттардын иштелмелерин иштеп чыгышты жана 5538 кайтарым байланыш боюнча видеороликтер иштелип чыкты. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган конкурстарга катышуу үчүн; Мисалы: “Санарип мугалим” конкурсуна 20 мугалим катышып ар бири 5 тен сабактын иштелмесин 100 сабак жөнөттү, ошондой эле, Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 75 жылдыгына карата өткөрүлгөн конкурска катышуу үчүн 972 видеоролик жана тарбиялык сааттардын иштелмелери, көркөм окуу-48, вокал боюнча-15, монолог-диалог боюнча-10, “Өлбөс полк” онлайн жүрүшүнө 115 окуучу жана 65 мугалим катышты. ”Согуш мезгилиндеги мугалимдин түйшүгүн мээнетин көргөзүү”темасында көркөм чыгармалардын негизинде окуучулар сахналаштырып онлайн видеороликтерди даярдашты. Бардык видеороликтер жана видеосабактар Youtube, Facebook соц тармактарына жайгаштырылып турду.
Окуу процесси үзгүлтүккө учурабастан улантылуу менен мектеп окуучуларынын иштери кайтарым байланыш аркылуу бааланып турду.
Дистанттык окутууну сапаттуу алып баруу үчүн мектеп окуучулары смартфондор, телеыизорлор, интернет булактары менен камсыз болушту. 108 окуучу телефон, 54 үй-бүлө телевизорлор менен камсыздалды жана Мегаком уюлдук байланыш компаниясы аркылуу мектеп окуучулары жана мугалимдер акысыз симкалар, интернет булактары менен камсыздалды.
Жетишкендиктер: Санариптештирүү жылына карата мектептерде интернет байланыштары толук туташтырылып, ишке киришти, Мугалимдердин техникалык билими жогорулады, 100% мугалимдер телефон менен, компьютер менен иштөөнү өздөштүрдү, электрондук почталар, социалдык тармактарга жүктөөнү, видеороликтерди жасоону өздөштүрдү, сабактарды онлайн өтүүнү үйрөнүштү, заманбап техникада иштөөгө өтүштү жана көпчүлүгү компьютер, ноутбуктар менен камсыздалышты. Мектеп окуучулары өз алдынча иштөөгө үйрөнүштү.
Ата-энелер менен байланыш күчөдү, ата-энелер, өзгөчө башталгыч класстардын ата-энелери балдардын билим алуусуна жоопкерчилиги күчөдү, жардам бере алышты.
Көйгөйлөр: Айрым жерлерде, тоолуу райондордо интернеттин начар иштеши, айрым балдарда жөнөкөй телефон болуп, кайтарым байланышка чыга албагандыгы, жогорку класстардын ата-энелеринин жоопкерсиздиги, лабораториялык, пратикалык иштердин жокко эсе болушу.
Көйгөйлөрдүн чечилиши: 124 окуучунун телефону жок болсо, 108 окуучуга телефон алынып берилди, 16 окуучунун телефону жок, мектепке чакырылып окутулуп жатат, анын ичинен 4 окуучу Семеновка айылындагы “Дружная семья” балдар үйүнүн тарбиялануучулары, бул балдарга П.Колесников атындагы орто мектебинин мугалимдери жеринде сабак өтүп жатышат. 54 телевизор менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөр камсыз кылынды. Мегаком байланыш түйүнү аркылуу мугалимдер жана окучулар бекер симкалар жана 2 ай акысыз байланыш менен камсыздалды.жөнөкөй телефону бар окуучулар мугалимдер менен чалуу жүргүзүү аркылуу байланышып жатышты.
Улуу Жеӊиштин 75 жылдык маарекесине карата уюшулган кѳркѳм окуу видеосынагында райондук 1-орунга М. Ноорузбаев атындагы орто мектебинин 4-классынын окуучусу Увалиев Нурманбет ээ болду, мугалими: Ташкенова Бактыгүл.
Э.Керимгазиев орто мектебинен 1-классынын окуучусу Маратова Адеми кѳркѳм окуу видеосынагында ардак грамота менен сыйланды. Мугалими: Мамбеталиева Рыскан.
Ал эми республикалык ыраазычылык сертификаттарына Н.Г. Лященко мектебинен 4-классынын окуучусу Кенешбекова Мырзайым ээ болду, мугалими: Сырдыбаева Чынара.
Окуу кѳндүмдѳрүн ѳркүндѳтүү боюнча USAIDдин «Келгиле окуйбуз» долбоорундагы улуттук тренери, Ысык-Кѳл райондук билим берүү бѳлүмүнүн алдындагы башталгыч класстары боюнча усулчусу Ташкенова Бактыгүл долбоор тарабынан жемиштүү иш- аракеттери үчүн «ыраазычылык» баракчасына ээ болду.
Райондогу аралыктан окутуу учурундагы даярдалган видео сабактар,конкурста байгелүү орунга жана сертификаттарга ээ болгон видеолор мектептин усулдук бирикмесинде дисктерге сакталды.
Ысык-Кѳл районунда 2019-2020-окуу жылында башталгыч класстар боюнча кесиптик ѳнүгүү курсунан 38 мугалим ѳттү. USAID «Келгиле окуйбуз» долбоорунун сертификаттарына 93 башталгыч классынын мугалими ээ болду. Ал эми «Улуттук тренер» сертификатына 2 мугалим : М.Ноорузбаев атындагы орто мектебинин мугалими Ташкенова Бактыгүл жана Ш.Эсеналиев мектебинин мугалими Тиленчиева Гүлмира ээ болду.
Курулуш иштери боюнча.
Бает айылындагы бала бакчасынын жаңы имаратынын курулушу 2017-жылдын май айында башталган. ОСОО “Улан” курулуш компаниялары тарабынан курулган. Жаны бала бакчанын курулуш иштерине жергиликтүү бийликтен 17 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Бала бакчанын имараты 1 кабаттуу, кубаттуулугу 100 балага эсептелген. Учурда курулуш иштери аяктап, ачылуу алдында.
А.Пушкин атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин башталгыч классынын жаны имаратынын курулушу 2015-жылы башталган. ОСОО “Мебель Сервис-строй” курулуш компаниясы тарабынан курулууда. Жаны мектептин курулуш иштерине республикалык бюджеттен 56 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Мектептин имараты 2 кабаттуу, кубаттуулугу 275 балага эсептелген.
Учурда 2 кабаттын дубалы тургузулуп, чатыры жабылган.
К.Кудайбердиева атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин 1-2 корпусу бүткөрүлүп, 3-корпусу акча каражатынын жетишсиздигинен бүткөрүлбөй калган. Мектеп 1250 орундуу. 3 бөлүктөн турат. 3 кабаттуу. Учурда 2018-2019-окуу жылынын класс комплектиси боюнча 508 окуучу окуйт. Кыргыз тилдүү мектеп.
1 бөлүгү 2003 жылы ашар жолу менен бүткөн. Класстары 1-кабаттыкы подгруппага эсептелинген (кичине), учурда 1-бөлүктө 508 бала 2 сменде окуйт.
2 бөлүгү 2008-жылы бүткөн, анда жыйындар залы, спорт зал, ашкана бар.
3 бөлүгүндө 18 класстык бөлмөлөр. 3 этаж. Бул бөлүктүн курулушу акча каражаты жетпегендигине байланыштуу 2008 жылдан тартып токтоп калган. Дубалдары ички шыбагы толук бүткөрүлгөн эмес, бөлмөлөрү бөлүнгөн. Терезелери жок. Толук кандуу капиталдык ремонтко муктаж. Бардык бөлүктөрдүн сырткы фасады шыбалган эмес. Чатырын убактылуу коюлгандыктан, алмаштыруу керек. Сметалык баасы 41 млн. Смета түзүлгөн. Мектептин кошумча имаратынын курулушун улантуу иштерине республикалык бюджеттен 42 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Мектептин имараты 3 кабаттуу, кубаттуулугу 575 балага эсептелген.20 окуу бөлмөсү бар. Бүгүнкү күндө 10,0 млн сом бөлүнгөн. Чатыры алмаштырлып жабылды. Жылытууу системасы жана терезедери коюлду Ички ремонт иштери жүрүгүзүлүүдө
П.Колесников атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин башталгыч классынын жаны имаратынын курулушу 2016-жылы башталган. ОСОО “Мерибелл Текстиль иншаат” курулуш компаниясы тарабынан курулууда. Жаны мектептин курулуш иштерине республикалык бюджеттен 43 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Мектептин имараты 2 кабаттуу, кубаттуулугу 225 балага эсептелген.Учурда 1-кабаттын дубалы тургузулган. Учурда курулуш иштери токтоп турат. 8 млн сом акча каражаты сврпталган.
Ж.Абдрахманов атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин жаны имаратынын курулушу 2019-жылы август айында башталган. ОСОО “Бишкек Дизайн” курулуш компаниясы тарабынан курулуп башталды. Жаны мектептин курулуш иштерине республикалык бюджеттен 58 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Мектептин имараты 2 кабаттуу, кубаттуулугу 275 балага эсептелген.
Учурда окуу.
Жаркымбаев айылындагы К.Маматов атындагы орто мектебинин курулушу 2015-жылдын март айында башталган. Республикалык бюджеттен 49 млн сом каралган. 225 орундуу. ОСОО “Кырчын” курулуш компаниясы тарабынан курулуп бүькөрүлдү. Учурда 30 млн акча каражаты сарпталды. Окуу корпусу толук бүткөрүлдү. Спорзалдын фундаменти эле турат.
Тамчы айылындагы Тамчы мектеп-гимназиясынын спорт залынын курулуш иштери жүрүп жатат. Ысык-Көл Өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү бюджет тарабынан 20 млн сом акча каражатына курулуп жатат. 2016-жылы башталган. Учурда, спортзалдын дубалы тургузулуп, чатыры жабылган. Ички-тышкы ремонт иштери жүргүзүлүүдө
Капиталдык ремонт иштери.
2020-жылдын август-сентябрь айларында Ысык-Көл областтык Өнүктүрүү фонду тарабынан Григорьевка айылындагы А.Пушкин атындагы орто мектебинин чатыры 1млн 800.000 жана терезелери 2 млн 400.000 сом каражатына алмаштырылды.
Кезектеги ремонт иштери.
2020-2021-окуу жылына карата даярдык көрүүдө мектептерде жана бала бакчаларда кезектеги ремонт иштери жүргүзүлдү. Бала бакчаларда: Ананьево айылындагы “Солнышко” бала бакчасынын ички потолоктору жана кезектеги ремонт иштери менен бирдикте 182 000 сом акча каражатына жергиликтүү бюджеттин эсебинен жасалды. Жалпы бала бакчаларда жергиликтүү бюджет тарабынан 954 515 сом акча каражаты бөлүнүп берилип, кезектеги ремонт иштери жүргүзүлдү.
Мектептерде Республикалык бюджеттин эсебинен 1 073 278 сом акча каражатына жана 1 340 515 сом акча каражатына жергиликтүү бюджеттин эсебинен кезектеги ремонт иштери, ал эми бала бакчаларда 1 014 715 сом акча каражатына ремонт иштери жүргүзүлдү.