Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн 2015-жылыаткарган иш чаралары жөнүндөгү отчету
Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмү 2015 –жылы билим берүү бөлүмүнүн коллегиясы тарабынан бекитилген пландын негизинде “Билим берүүнүн өнүгүүсүнүн саясаты жана стратегиялык пландоосу”,”Координациялоо”,”Мониторинг”, “Башкаруу” багыттары боюнча жана башка иш чараларды алып барды.
Ысык-Көл районунда 30 мектеп бар, анда 658 класс комплектиде 14932 окуучу билим алат.
Мугалимдердин саны-1118. Жогорку билимдүүлөр- 988, бүтпөгөн жогорку-22, атайын орто-105, орто билими менен-3.
Жаңы типтеги төмөндөгү мектептер иш алып барат:
· Гимназия мектептери-2 (Тамчы жана Академик А.Мамытов атындагы мектеп гимназиясы).
· Мектеп лицейлери-3 (С.М.Киров атындагы мектеп-лицейи, Х.Жээнбаев атындагы мектеп-лицей, Нурдөөлөт ата атындагы мектеп лицейи. 2015 жылы декабрь айында табигый-математикалык багыттагы мектеп-лицейи статусун алды).
· Мектеп –комплекси-1(Чолпон-Ата шаарындагы Билим-Ордо мектеп комплекси)Жаңы типтеги мектептерде 79 класстарда 1996 окуучу билим алышууда.
Мындан сырткары 100 инновациялык мектепке кирген мектептер-2 (Н.Г.Лященко жана Билим-Ордо мектеп комплекси)
Райондо 18 бала бакча иштейт, анда 109 тарбиячы эмгектенип, 2882 бала тарбияланат.
Билим берүү бөлүмүнүн алдындагы Ысык-Көл райондук балдар чыгармачылык үйүндө 10 мугалим 10 ийримде иш алып барышат. 308 окуучу ийримдерге катышып, эстетикалык жактан тарбия алышууда.
Ысык-Көл райондук өспүрүмдөр спорт мектебинде спорттук секцияларда (эркин күрөш, греко-рим күрөшү, футбол, бокс, баскетол, самбо) 415 окуучуну7 мугалим машыктырат.
2014 жылы окуучулардын билим сапаты 31% болсо, 2015 жылы 32.2% түздү , өсүү 1,2% болду. Бул билим берүү бөлүмү тарабынан мектептерде окуучулардын билим сапатын арттырууга арналган иш чаралардын негизинде болду деп жыйынтык чыгарса болот.
I.“Билим берүүнүн өнүгүүсүнүн саясаты жана стратегиялык пландоосу”
Мектептерде билим берүү сапатын жакшыртуу максатында билим берүү программаларын мектепке чейинки жана жалпы орто билим билим берүү мектептеринде үзгүлтүксүз иштер аткарылып келди. Билим берүү бөлүмү тарабынан мектептерди жетишпеген мугалимдер менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлүп келди. Райондук билим берүү бөлүмү жана мектеп администрациялары окуу тарбия процессин түп тамырынан бээри оңдоого, мугалимдер коллективдеринин күчүн, администрациялардын иштөө ыкма, формаларын, эң башкы милдеттерин аткарууга багыттады. Ал үчүн ар бир мектепте окуучуларга тарбия берүүчүлүк ар кандай темада –көрсөтмөлүү жакын жаңы ыкма сабактарды камтыган семинарлар өткөрүлдү.Семинарларда мугалимдердин жана мектеп жетекчилеринин иш ыкмасы- окуу-тарбия-процессин, мугалимдер коллективин жана чарбалык иштерге жетекчилик кылуусуна чейин талданып, аягында мектептердин директорлору сабактарга анализ беришип , сын пикирлерди айтышып, өзүнө пайдалуу жана керектүү нерселерди алуу менен семинарлар жыйынтыкталып турду. Андан тышкаары окуу бөлүм башчыларынын, директордун тарбиялык иштер боюнча орун басарларынын, китепканачылардын семинарлары окуунун сапатын жакшыртууга багытталды.
2015 жылдын жыйынтыгы менен Билим берүү мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштерин жөнгө салуучу нормативдик-укуктук жоболор, буйруктар, көрсөтмөлөр аткарылды. Мектептерде мугалимдердин жана окуучулардын катышуусу менен окутууну жакшыртууга арналган жаңы технологияларды ишке ашыруу максатында формативдик баалоо боюнча бирдиктүү стандарттарын киргизүү жана куррикулумду ишке ашыруу боюнча, 480 саат “Наристе программасын ишке ашыруу максатындагы 2015 жылдын январь жана апрель айларында Х.Жээнбаев атындагы мектеп-лицейинин базасында башталгыч класстардын 80 мугалимдери үчүн семинарлар уюштурулду. Семинарды Ысык-Көл областтык билим берүү институтунун методистери алып барышты.
Билим берүү бөлүмүнүн перспективалык планынын негизинде 2015-жылдын явнарь айында фундаменталдык сабактар боюнча 1130 мугалимдерге окуу программасын ишке ашыруу максатындагы семинарлар уюштурулуп, окуу процесси учурундагы көйгөйлөр талкууга алынды. Райондун бардык мектептеринде эмгектенишкен ар кайсы сабактан берген 430 дан ашуун мугалим январь, февраль айларында өз предметтеринен жаңы технологияларды колдонуу менен усулдук китепчелерди жана сабактардын иштелмелерин, колдонмолорду иштеп чыгышты.
Мектепке жашы жете элек 6-7 жаштагы балдардын санын, аты жөнүн тактоо иштерин жүргүзүү, класстык бөлмөлөрдү жана балдарды мектепке даярдоону уюштуруу иштери аткарылды. Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамын , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 жылдын 30-августундагы № 601, КР билим берүү , илим министрлигинин 2015- жылдын 28-январындагы №56/1 буйругун негизинде райондун мектептеринде балдарды мектепке даярдоонун 240 сааттык программасын ишке ашырууга үчүн билим берүү бөлүмүнүн 2015 жылдын 30- январында №5 буйругу чыгарылган.
2014-2015 окуу жылында райондун мектептеринде мектепке даярдоо программаларына тартылбаган, бала бакчаларга барууга мүмкүнчүлүгү жок 6-7 жаштагы балдарды мектепке даярдоо үчүн 240 сааттык программага 100% катышуусун милдет катары кабыл алып, 2015-2016 окуу жылына карата 49 класста 1228 бала мектепке даярдалды. Ал эми 2015-2016 окуу жылынын сентябрь айынан баштап, мектепке жашы жете элек 6 жаштагы балдарды мектепке даярдоо үчүн 49 класс даярдалып , 1108 бала менен “Наристе” программасынын толук кандуу ишке ашырылышы камсыздалды. Мугалимдер арасында “Наристе” программасынын алкагында усулдук жардамдар уюштурулду, окуу куралдары таратылып берилди. О.Джумаев атындагы орто мектебинин базасында 480 сааттык “Наристе” программасынын алкагында семинар өткөрүлдү.Бул семинарга райондун бардык мектептеринен 52 мугалим жана бала бакчаларынан 10 тарбиячылар катышып, тажрыйба алмашуулар болду.
Мындан сырткары мугалимдердин профессионалдуулугун жогорулатуу максатында 2015- жылдын январь айынан баштап ушул мезгилге чейин райондун мектептеринен 176 мугалим ОИО дон жана КАО дон өз билимдерин жогорулатууга жиберилип , өз билимдери көтөрүп келишкен.
2020-жылга чейинки билим берүүнү өркүндөтүү Концепциясынын бир багыты окуучуларга кесиптик билим берүү. Бул багытта райондун ар бир мектебинде инсанга татыктуу билим берүү менен турмушка тарбиялоо, кесиптин ээлерин даярдоо боюнча зор иштер аткарылууда. Мектептердин шартына жараша атайын кесиптик билим берүүчүлүк тикмечи-бычмачы, повар-официант, багбан, цветовод (гүл өстүрүүчү) жана башка курстар ачылып иштей баштады. Х.Жээнбаев атындагы (дир. Сулайманов Ж.М.) , Билим-Ордо мектеп комплекси (дир. Ворочева Л.Н.), Ч.Иманкулов атындагы (дир Сыдыкова Г.М.), К.Орозов атындагы (дир Абирова Н.Э), Э.Керимгазиев атындагы (дир Кыштообаева Б), Ноорузбаев атындагы (дир.Эмилбекова Э), К.Тынстанов (дир Иманалиева Ж.Т.), Нурдөөлөт ата Улуттук-этнографиялык мектеби(дир. Кудабаева В.С.), Акун Мыктыбек уулу атындагы (дир.Сулайманова К), О.Джумаев атындагы (дир. Усенбаева А) , К.Маматов (дир Есенаманова А.М.) мектептеринде тикмечи –бычмачылык кесиптери окулуп жатса, А.Тумөнбаев( дир Самаков Э.К.) , Бает(дир Жайлообаев Ч.), Х.Жээнбаев атындагы (дир. Сулайманов Ж.М.) , К.Бектенов (дир. Мамытова Р.Т ) С.М.Киров (дир Абыканова А.Д) ,Ю.Абдрахманов (дир Токсобаева Д.А) орто мектептеринде повар –официант кесиптери окутулуп, алгачкы жыйынтыктар бериле баштады. Х.Жээнбаев атындагы мектеп-лицейинен тигүүчү, официант , гид кесиптери боюнча 22 окуучу, А.Түмөнбаев атындагы орто мектебинен официант кесиби боюнча 10 окуучу , Т.Атаев атындагы орто мектептебинен 12 окуучу повар кесиби боюнча мамлекеттик үлгүдөгү сертификаттарга ээ болушту.
Билим берүү бөлүмү жана мектептерде кароосуз калган жана жетим балдарга толук кандуу билим берүү уюштурулган. Экономикалык тартыштыкта жашаган үйбүлөөдөгү окуучуларга ар кандай материалдык жардамдарды көрсөтүп келишүүдө. 1-июнь “Балдарды коргоо” эл аралык күнүнө карата иш чара уюштурулуп, балдардын күчү менен даярдалган концерттик программа тартууланды. Мындан сырткары мекеме , ишканалардын жетекчилеринин демөөрчүлугү менен 57 томолой жетим балага 1000 сом өлчөмүндө акчалай жардамдар берилди.Мындан сырткары демөөчүлөр тарабынан экономикалык жактан тартыштыкта жашаган балдарга ар кандай белектер тартууланды.
Социалдык жактан аз камсыз болгон, жетим, ата-энеси миграцияда жүргөн окуучулар менен тыгыз байланыш түзүлүп, аларды ар тараптан колдоо максатында кайрымдуулук иш чаралары өткөрүлдү.
Райондук билим берүү бөлүмү тарабынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укуктарын камсыз кылуу, окутуунун сапатын жакшыртуу боюнча билим берүү боюнча иш чараларды алып барды. Мектептерде билим алып жатышкан 145 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жеңилдетилген тапшырмаларды берүүгө жетишти.Ал эми мектепке келип билим алууга мүмкүнчүлүгү жок 20 балага үйдөн билим берүү уюштурулду. Сабак берүүчү мугалимдер кошумча тарификациядан өткөрүлдү. Билим берүүнүн өнүгүүсүнүн саясаты жана стратегиялык пландоосунун негизги булактарынын бири бул инфраструктураны жакшыртуу.Чон-Сары-Ой айыл округуна караштуу Өрнөк айлындагы мектептин курулушу 89,0 млн сом смета менен фундаменти түптөлүп, курула баштап, стенасы тургузулуп 30млн сом акча каражаты сарпталып, азыркы учурда токтоп турат. Мындан сырткары Чырпыкты айылындагы жалпы сметалык баасы 58млн сомду түзгөн 324 орундуу К.Тыныстанов атындагы мектептин курулушу башталып,экинчи кабатынын дубалы тургузулду. Жаркымбаев айылында сметалык баасы 41 млн сомду тузгөн 300 орундуу К.Маматов атындагы мектебинин курулушу баштаса , Орто-Өрүктү айылында жалпы сметалык баасы 37 млн сомду түзгөн Ж.Шабиров атындагы орто мектебинин экинчи кабатанын курулуш иштериреспубликалык бюджеттин эсебинен жүрүп жатат.Мындан сырткары М.Ноорузбаев атындагы орто мектебинде Ысык-Көл өнүктүрүү фондусу тарабынан 8245337 сомго реконструкцияланган спорт зал бүткөрүлүп, ачылды.А.Түмөнбаев атындагы орто мектебине Ысык-Көл өнүктүрүү фондусу тарабынан каржылаган 14 млн сом каражатына спорт залдын курулуп, октябрь айында ишке берилди. 2015 жылдын январь айынан декабрь айына чейин райондо бала бакчалардын курулушу жана капиталдык ремонту аяктап ишке берилди.
Кашат айылындагы 100 орундуу “Жеткинчек” бала бакчасы Ысык-Көл онүктүрүү фондусу тарабынан 12.500 млн сом акча каражаты бөлүнүп берилип, курулушу аяктаган. Бала бакчанын ички жана сырткы базасы чыңдалган. 2015- жылдын январь айында ачылыш аземи болуп, май айынан баштап балдарды кабыл алып иштей баштады.
Ысык-Көл районунун Ананьево айлындагы 220 орундуу “Баласттан ”бала бакчасы 1-май колхозу тарабынан 1968-жылы курулган. 1993- жылдары колхоз тарагандан кийин бул бала бакча иштебей, жабылып калган жана колхоз тарабынан МСУ нун балансасына өткөрүлүп берилген. 2013- жылдан бери Ысык-Көл областтык өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн 11,5 млн сом акча каражаты бала бакчанын имаратынын ичинин жана сыртынын капиталдык ремонтуна жумшалган.Азыркы учурда 10.0 млн сому жумшалып, ремонт иштери аяктады. Ошону менен бирге Ысык-Көл өнүктүрүү фондусу тарабынан 2014- жылы 2 млн сом акча каражаты бөлүнүп, бала бакчага тиешелүү эмеректер даярдалып берилген.Жалпы Ысык-Көл областтык өнүктүрүү фонду тарабынан бала бакчанын ремонт иштерине жана ички эмеректерине 13.5 млн сом акча каражаты берилди. 2015-жылдын 1-октябрынан баштап бала бакча ишке берилди.
Чон-Сары-Ой айылындагы “Ынтымак” бала бакчасынын капиталдык ремонтуна жана бала бакчага керектүү эмеректерге Ысык-Көл өнүктүрүү фондусу тарабынан 3 млн, жергиликтүү бюджеттен 4 млн ,Карвен эс алуу жайынан 1.5 млн, Алтын кум эс алуу жайынан 80000 сом, демөөрчүлөрдөн 150000 сом акча каражаттары бөлүнүп берилген. Бала бакчанын ремонтуна жана инвентарларына 8730000 сом акча каражаты жумшалган. 2015 жылдын 26 сентябрында 120 бала менен бала бакча ишке берилди. Толук кандуу иштеп жатат.
Бактуу-Долоноту айылындагы”Березка”бала бакчасы 2011-жылы “Мээрим”фондусу тарабынан кайтарылып ,Бостери айыл өкмөтүнүн балансасына коюлган. Бала бакча 1976 жылы №54 асыл тукум жылкы заводу тарабынан 120 орунга ылайыкташтырылып курулган. Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунан 1.964 млн , жергиликтүү бюджеттен 12.4 млн сом акча каражаты бөлүнүп,бала бакчанын капиталдык ремонтуна жумшалууда. Мындан сырткары 2015 жылы жергиликтүү бюджеттен 2.5 млн сом ички жана сырткы эмеректерин алууга каралды. “Березка “ бала бакчасынын капиталдык ремонтуна жана ички, сырткы инвентарларына жумшалып жаткан сумма 14.9 млн сомду түздү. Бала бакча 2015-2016 окуу жылынын 1-декабрында ачылып, иштей баштады.
Сары-Камыш айылындагы “Улан” бала бакчасы 2012- жылы мектеп тарабынан кайтарылып берилген. 1986 жылы канаттуулар фабрикасы тарабынан 120 орунга ылайыкташтырылып курулган. Имараты типтүү. Бала бакча капиталдык ремонтко муктаж. Смета боюнча ремонт иштерине 573607 сом,санузелге 49647 сом,жылытуу системасынын реконструкциялоого 941890 сом талап кылынат.
Чолпон-Ата шаарынын Чкалов кичирайонунда жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, 100 орундуу бала бакча курулуп жатат. Жалпы суммасы 44197000сом. Жергиликтүү бюджеттен 2012 жылы 11млн сом,2013 жылы 12 млн сом,2014 жылы 8 млн сом каралган. 2016 жылга карата ачылууга даярдалып жатат.
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин капиталдык курулуш бөлүмү тарабынан М.Киров атындагы мектеп лицейин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 16 млн сом, Н.Г.Лященко атындагы орто мектебин капиталдык ремонтуна 18 млн сом акча каражаты бөлүнүүдө
II.”КООРДИНАЦИЯЛОО”
Райондун билим берүү уюмдарынын жүргүзгөн иштери координациялоо иштери аткарылды.Билим берүү программаларынын аткарылышы көзөмөлгө алынды.Билим берүү болүмүңүн алдында уюштурулган борборлоштурулган бухгалтериясынын жургузуп жаткан иштерине, сатистикалык отчеттордун учурунда берилишине, мугалимдердин тарификацияларынын туура жүргүзүлүшүнө, мугалимдердин эмгек акысынын, кошумча төлөмдөрдүн туура берилишине көзөмөлдөө жүргүзүлдү Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар менен байланышты күчөтүү боюнча иш чаралар аткарылды. Райондун мектептерин Электрондук мектепке өткөрүү, видео көзөмөлдөрүн коюуда айыл өкмөттөрү тарабынан финансылык колдоо көрсөтүлдү. Райондун 22 мектеби Электрондук мектепке өткөрүлүп, мектептердин өздүк сайты, почтасы иштеп, электрондук байланыш ишке ашырылды. 2015 жылдын декабрь айында М.Ноорузбаев, К.Тыныстанов, Тамчы, Түмөнбаев, Өрнөк, О.Джумаев, Нурдөөлөт ата, Бает, К.Бектенов, А.Осмонов, Т.Атаев, Х.Жээнбаев, К.Кудайбердиева, П.Ф.Колесников, Ю.Абдрахманов, Ш.Эсеналиев,К.Маматов,Ж.Бейшекеев, Акун Мыктыбек уулу, Ж.Шабиров, А.Пушкин, Э.Керимгазиев, К.Орозов жана Ч.Иманкулов атындагы орто мектептерине мектеп жетекчилери “Билим ТВ” программасын киргизишти. Бул окуучулардын сапаттуу билим алуусуна өбөлгө түзмөкчү. Мектептерде электрондук байланышты жакшыртуу максатында телеком аркылуу райондун 22 мектебинде интернет булактары, О компаниясынын модемдери менен 8 мектеп электрондук байланышка ээ болушту. Мектептердин инфрастуртурасын жакшыртуу максатында, инвестиция киргизүүгө координациялоо иштери жүргүзүлдү.
2014-2015 окуу жылында райондун билим берүү системасына тартылган инвестиция 31071481 сомду жеткен.
Иш чаралар окуучулардын билим алуусуна жакшы шарттарды түзүү жана сапаттуу билим берүүгө арналды.
Окуучулардын билим сапатын жакшыртуу жана анализдөө иш чаралары аткарылып, райондун мектептеринде фундаменталдык сабактардан ар бир окуучунун билим сапатынын мониторинги чыгарылды.
Мектеп жетекчилеринин билим берүүдөгү жоопкерчилигин координациялоо максатында билим берүү бөлүмү мектепте аткарылып жаткан иштердин отчет анализин, окуучулардын билим сапатынын мониторингин иштеп чыгуу боюнча иш аракеттерин көзөмөлгө алды.
Райондук денгээлде окуучулардын олимпиадасына даярдыктар көрүлүп, иш чаралар аткарылды. 2015-жылдын 22-23 январда райондук денгээлде Билим –Ордо мектеп комплексинин базасында окуучулардын предмет аралык олимпиадасы өткөрүлүп, ага 173 окуучу катышты. Райондук олимпиадага эң жакшы даярдыкта келишкен 34 окуучу Каракол шаарында областтык денгээлде өткөрүлгөн олимпиадага жолдомо алышып,34 окуучудан 21 окуучу байгелүү орундарга ээ болуп кайтышты. Алардын ичинен 8 окуучу Республикалык олимпиадага катышууга укук алышты. Райондук олимпиадага С.М.Киров, Ч.Иманкулов, А.Пушкин, А.Осмонова Х.Жээнбаев, Мамытов,Керимгазиев, Н.Г.Ляшенко,Т.Атаев, Нурдөөлөт ата, А.Түмөнбаев, К.Орозов, П.Ф.Колесников атындагы орто мектептери жакшы даярдыкта келишкен. Откон окуу жылына салдыштырмалуу окуучулардын билим денгээли быйылкы окуу жылында математика , химия, биология , тарых, география, химия, орус тили,кыргыз тили сабактардан жогорулагандыгы олимпиаданын жүрүшүндө көрүндү. Бишкек шаарында өткөрүлгөн Республикалык олимпиадада Ч.Иманкулов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин окуучусу Кубат кызы Нуркыз биология сабагынан төртүнчү орун, А.С.Пушкин атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин окуучусу Карыпова Адинай биология сабагынан төртүнчү орун, С.М.Киров атындагы мектеп-лицейинин 11- классынын окуучусу Эсенгулова Назгуль орус тили жана адабият сабагынан үчүнчү орун, Билим-Ордо мектеп комплексинин 11- классынын окуучусу Искакова Жылдыз тарых сабагынан үчүнчү орунду камсыз кылды.
Райондук олимпиаданын жыйынтыгы
Областтык олимпиаданын жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду
Областтык олимпиаданын жыйынтыгы менен Ысык-Көл району билим сапат боюнча I-орунга татыктуу болду жана Республикалык олимпиадада окуучулар жакшы жетишкендиктерге жетишишти.
Республикалык олимпиаданын жыйынтыгында төмөндөгүдөй жыйынтык болду
2015-жылдын 22-23 декабрында К.Бектенов жана Кожояр орто мектептеринде зоналдык денгээлде окуучулардын предмет аралык олимпиадасы өткөрүлүп, райондук олимпиадага катышуучуларды тандоо иш чаралары аткарылды. Ал эми 9- февралдан 15- февралга чейин райондун мектептеринде окуучулардын илимий техникалык чыгармачылыгын калыптандыруу, илим, техника жана өндүрүш жетишкендиктери менен тааныштыруу максатындагы “ Илим, техника жана өндүрүш” жумалыгы жарыяланган.Мындан сырткары 2015 жылдын 19 мартында райондук денгээлде С.М.Киров атындагы мектеп-лицейинин базасында ХХ1-кылымдын интеллектуаллы кароо сынагы өткөрүлүп, жыйынтыгы чыгарылды.
2015 –жылдын 2-3 апрелде “ХХ1 кылымдын интеллектуалдары” областтык кароо сынагы өткөрүлдү. Карооо сынакка райондук сынакта алдынкы орунду ээлеген окуучулар катышып, төмөндөгүдөй жыйынтыкка ээ болушту:
1-орун Я.Шиховцов –Н.Лященко атындагы орто мектеби
А.Турсунакунов-А.Осмонов атындагы мектеп гимназиясы
Эмилбек уулу Кайрат-С.Киров атындагы мектеп лицейи
2-орун А.Мамытов атындагы мектеп гимназиясынын окуучулар командасы
А.Пушкин атындагы орто мектебинин окуучулар командасы
3 орун А.Парфенова-П.Колесников атындагы орто мектеби
Бактыбек уулу Канат -Т.Атаев атындагы орто мектеби орунга ээ болушту
3-4 мартта кыргыз тили боюнча “Аялуу жан сырым-эне тилимде” аттуу олимпиада болуп өттү. Бул олимпиаданын эссе багыты боюнча К.Бектенов, Ю.Абдрахманов, Т.Атаев,Тамчы мектеп гимназиясынын, Х.Жээнбаев атындагы мектеп лицейинин,А.Пушкин атындагы орто мектебинин окуучулары,”Көркөм окуу жана фольклор” багыты боюча К.Орозов, К.Бектенов, А.Пушкин,Н.Г.Лященко, Х.Жээнбаев,А.Осмонов атындагы мектептердин,”Долбоор жактоо” багыты боюнча А.Мамытов, Т.Атаев, К.Орозов, Пушкин атындагы орто мектептердин окуучулары жакшы даярдыкта келишкен. 2015 жылдын 4-апрелинде Каракол шаарында өткөрүлүүчү олимпиадага К.Бектенов атындагы орто мектебинин 11- классынын окуучусу Бекишова Бермет,Тамчы мектеп- гимназиясынын 11- классынын окуучусу Мамбетова Элнура, К.Орозов атындагы орто мектебинин11- классынын окуучусу Бостериева Адина, Х.Жээнбаев атындагы мектеп-лицейинин 10- классынын окуучусу Амангелдиев Эркин, А.Мамытов атындагы мектеп-гимназиясынын 10 классынын окуучусу Майрамбекова Табийгат, А.Пушкин атындагы орто мектебинин 11- классынын окуучусу Косумбаева Элнуралар жакшы жыйынтыктарды беришти.
4-апрелде- 9,10 жана 11класстардын окуучуларынын арасында кыргыз тили жана адабияты боюнча “Аялуу жан сырын адам дилинде, айта алат бир гана эне тилинде” темасындагы республикалык олимпиаданын областтык баскычы өткөрүлдү. Райондук баскычтан алдынкы орунга ээ болгон окуучулар катышып, төмөндөгүдөй жыйынтык бере алышты:
1-орун-Амангелдиев Эркин-Х.Жээнбаев атындагы мектеп лицейинин окуучусу-көркөм окуу жана фольклор багыты боюнча, 1-орун-Косумбаева Элнура-А.Пушкин атындагы орто мектебинин окуучусу-долбоор жактоо багыты боюнча.
14-апрелде-Ч.Иманкулов атындагы орто мектебинде“Улуттар арасындагы достук жана кызматташтык” деген темада директорлордун тарбия иштери боюнча орун басарларынын семинарын өткөрүлдү.
21-23-апрелде- райондук “Жылдын мыкты мугалими-2015” кароо сынагы өткөрүлдү. Кароо сынактын финалдык туру Х.Жээнбаев атындагы орто мектебинде өткөрүлүп, алдынкы орунга ээ болгон 6 мугалим областтык кароо сынакка катышууга жолдомо алышты.
24-апрелде- Нурдөөлөт Ата атындагы улуттук этнографиялык лицей мектебинде “Табият менен таттуу мамиледе бололу” темасындагы тарбия иштери боюнча областтык семинар өткөрүлдү. Семинарга бардык райондордон тарбия иштери боюнча директорлордун орун басарлары, билим берүү бөлүмдөрүнүн тарбия иштерин көзөмөлдөө адистери катышып, жакшы ой пикирлерин билдиришти.
27-апрелде-“Жаш талант-2015” областтык кароо сынагы өткөрүлүп, жыйынтыгындаГран-При-Иманов Нурлан-А.Осмонов атындагы мектеп гимназиясы-вокал боюнча2-орун-С.Киров атындагы мектеп лицейинин бийчилер тобу ээ болушту.
4-май-областтык “Жол кыймылынын жаш инспекторлору” кароо сынагы өткөрүлдү. Кароо сынакка К.Бектенов атындагы орто мектебинин окуучулары катышып, 4 орунга ээ болушту.6-май-Улуу Ата Мекендик согуштун Женишинин 70 жылдыгына арналган сүрөтчүлөрдүн райондук кароо сынагы өткөрүлдү. Кароо сынак райондук жаштар уюму менен бирдикте өткөрүлүп, сынактын женүүчүлөрү диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.
Билим берүү бөлүмү тарабынан 2015- жылдын март-апрель айларында 9 жана 11 классты аяктап жатышкан бүтүрүүчүлөргө негизги билими тууралуу күбөлүктөрдү жана орто билими тууралуу аттестаттарды персонгификациядан өткөрүү иш чаралары аткарылды.
Мектептерде класстан класска көчүрүү жана бүтүрүү жыйынтыктоо аттестацияларына даярдыктарын жана өткөрүлүшүн көзөмөлдөө иштерин аткарышты. Бардык мектептерде экезамендик бурчтар уюштурулуп, бутурүү экзамендердин ирети бекитилип илинген.Жыйынтыктоо аттестацияларды өткөрүү боюнча ар бир мектепте педогогикалык кеңешмелер өткөрүлдү.Педагогикалык кенешмелердин чечими менен 2014-2015 окуу жылында 11 классты 827 бүтүрүүчү, 9 классты 1319 окуучу аяктап орто билими тууралуу аттестатын жана негизиги орто билими тууралуу күбөлүктөрүн алышты.
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Улуттук тестирлөө борбору тарабынан 2015 жылдын февраль жана апрель айларында 9-10-11 класстардын окуучулары үчүн тестирлөө жүргүзүлдү Бул тестирлөө Жалпы Республикалык тестирлөөгө даярдоо болуп, райондун мектептеринен 1450окуучу катышты.Мындан сырткары Жалпы Республикалык тестирлөөгө мектеп бүтүрүүчүлөрүн,өткөн окуу жылдарында аяктаган, проф.лицейлердин студенттерин 2015- жылдын 15- апрелине чейин каттоо жүргүзүлүп 696 бүтүрүүчү катталды жана 19-21 май аралыгында А.Осмонов атындагы мектеп –гимназиясынын жана А.Пушкин атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин базасында ЖРТ болуп өттү.
Жыйынтыгында 110 баллга чейин 343 бүтүрүүчү, 104 бүтүрүүчү 110дон 120 чейинки баллга, 164 бүтүрүүчү 211ден 150 баллга чейин, 81 бүтүрүүчү 151 баллдан 200 балга чейин, 4 бүтүрүүчү 200 балдан жогору алышкан. Билим-Ордо мектеп-комплексинен Алмазбеков Эмир-217 балл, А.Пушкин атындагы орто мектебинен Абдылдаева Бегаим-210 балл, Н.Г.Лященко атындагы орто мектебинен Жумабаева Жамила-203 балл жана Дуплищев Олег-202 баллга ээ болгон.
2014 жылдын ОРТ нын жыйынтыгы 47.8 % болсо, 2015 жылы тесттин жыйынтыгы менен 11- классты аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн билим сапаты 52% түздү. 4,2 % га өстү.
Мындан сырткары Ч.Иманкулов атындагы орто мектебинин 11- классынын бүтүрүүчүсү Усенбаев Тилек Улуттук тестин жыйынтыгы менен Артыкчылык аттестатына ээ болду. Калган окуучулардын билим сапаттары төмөн болгондуктан тесттик тапшырмаларды аткара алышкан жок. Райондун бардык мектептеринде 29- майда 2014-2015 окуу жылын аяктоо, Акыркы конгуроо салтанаттары болуп өттү.2014-2015 окуу жылында жыйынтыктоо аттестацияларын өткөрүүгө карата даярдыктарды көрүү максатындагы иш чаралар аткарылды, 9 жана 11 бүтүрүүчү класстар үчүн экзамендик бурчтар даярдалып, жазуу иштеринин үлгүлөрү илинди. 2015 жылдын 29 майынан баштап 5 июнга чейин мектептерде көчүрүү экзамендеринин жүрүшү билим берүү бөлүмү тарабынан көзөмөлгө алынды. Бардык мектептерде 9 жана 11 класстарда бүтүрүү экзамендери ийгиликтүү аяктап, жыйынтыктары чыгарылды.2015- жылдын 20- июнунда 9-классты аяктап жатышкан 1319 окуучуга жалпы негизги билим жөнүндөгү күбөлүктөрү 23 –июнда 827 бүтүрүүчүгө орто билими тууралуу аттестаттары тапшыруу аземдери болуп өттү.Мектептерде окуу жылы жыйынтыкталып,окуу жылынын аягында 14051 окуучу аяктап ,1063 окуучу окуунун отличниктери, 3394 окуучу окуунун ударниктери болушту, Жалпы окуучулардын билим сапаты 31 % түздү. 2015- жылдын август айында мугалимдердин август кенешмесине карата окуу-методикалык иш чаралар уюштурулуп , ага 446 мугалим катышты.Бул иш чарада 2015-2016 окуу жылына карата райондо усулдук иштерди алып баруучу бирикмелерде иш чаралар кабыл алынды. Мындан сырткары “Кыргызстандын билим берүүсү: аттандаштыктын жөндөмдүүлүгүндө , сапаты жана жеткиликтүүлүгүндө” деген ураандын алдында окуулар болуп өттү.
III. МОНИТОРИНГ
Мектептерде билим берүүнүн сапаты, окуу пландарынын жана программаларынын аткарылыштары боюнча иш чаралар аткарылды. Билим берүү бөлүмүнүн перспективалык планында мектептердин окуу тарбия ишинин абалы, окуучулардын билим сапаты жөнүндөгү иш чаралар кабыл алынган. Бул маселелер Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн кезектеги коллегиялары талкууланып, жыйынтыктары чыгарылып турду. Каралган маселелер: Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн 2014 жылы аткарган иштеринин анализи жана 2015- жылга карата өнүгүүсүнүн иш планын бекитүү жөнүндө”, Ш.Эсеналиев атындагы орто мектебинин окуу тарбия ишинин абалы жөнүндө, Кожояр орто мектебинин окуу тарбия ишинин абалы жөнүндө, Т. Атаев , Тамчы мектеп гимназиясынын окуу тарбия ишинин абалы , Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча аткарылган иш чаралар, Мектептерде тарбия иштеринин абалы ,Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин бекитүү, Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн Коллегия мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө, Райондук, областтык, Рекспубликалык олимпиадалардын жыйынтыктары”, “Мектеп окуучуларынын ЖРТ га даярдоо жана Улуттук тестирлөөсүнүн жыйынтыктары”,”2014-2015 окуу жылында аяктап жатышкан 9 жана11- класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик экзамендериндеги жазуу иштеринин абалы жөнүндө”. “Райондун мектептеринде 9-11 класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн орто билими тууралуу документтеринин толтурулушу, жыйынтык баалардын коюлуш абалы жөнүндө”, “Ысык-Көл райондук билим берүү болүмүнун 2015 жылдын 6-айында аткараган иштеринин отчету”, “К.Маматов атындагы орто мектебинин окуу тарбия ишинин абалы”, “Ж.Шабиров атындагы орто мектебинин окуучуларынын билим сапаты жана мониторинги” каралды. “Мектептердин 2015-2016 окуу жылына карата даярдыктары” жөнүндөгү маселелер талкууга алынып , жыйынтыктары чыгарылды. 2015-жылдын октябрь, ноябрь, декабрь айында Ч.Иманкулов, Ю.Абдрахманов, М.Ноорузбаев ,О.Джумаев, Ю.Абдрахманов, К.Бектенов, Т.Атаев, К.Эшенкулов, О.Джумаев атындагы орто мектептеринде окуу программаларынын аткарылышы, окуу тарбия ишинин абалын каралып, жыйынтыгы чыгарылса, К.Маматов, Акун Мыктыбек уулу, К.Кудайбердиева атындагы орто мектептеринин окуу тарбия иштери көзөмөлдөн алынды жана кемчилиги бар мектептерге милдеттер коюлду.
Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн 2015 жылда аткараган иштеринин отчету, 2016 жылга карата өнүгүүсүнун перспективалык планы талкыылунып, бекитилди.
1.Бала бакчаларда окуу тарбия иши жана аткарган иш чаралар.
Бала бакчалардын окуу тарбия ишин анализдөө иш чаралары аткарылды. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында”Жаш муун”,Бостери айылындагы “Келечек башаты” бала бакчасынын окуу тарбия иши, март айында Ананьево айылындагы №2 бала бакчанын тарбия иши, октябрь айында“Айыл Келечеги “ , “Жылдызча” бала бакчасынынокуу тарбия иштери каралды.Мындан сырткары бала бакча базаларында тематикалык семинарлар уюштурулду. “Айыл Келечеги” бала бакчасынын базасында тарбиячылардын семинары “Балдардын сүйлөө көндүмдөрүн арттыруу”, “Ай данек “ бала бакчасында “Монтессори педагогикасынын негиздери”, Бостери айылындагы Келечек бала бакчасынын базасына “Балдарды эмгекке тарбиялоо”, Тамчы айылында “Жаш муун” бала бакчасынын базасында “Манас эпосу бала бакчада”, Булан-Сөгөттү айылындагы “Жылдызча” бала бакчасынын базасында”Балдарга нравалык тарбия берүү бала бакчадан башталат” деген темада бала бакча директорлорунун семинары болду.
2. Окуучулар менен иш алып баруу жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча аткарылган иш чаралары.
Билим берүү бөлүмү мектеп окуучулары арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча иш чараларды аткарды.Устүбүздөгү жылдын февраль март айларында Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү менен бирдикте окуучулар арасында кылмыштуулукту алдын алуу максатында райондук денгээлде “Маданий иш чаралар аркылуу кылмыштуулукту болтурбайбыз” деген ураандын алдында “Биз ичкиликке, тамеки тартууга, наркоманияга каршыбыз” аттуу окуучулардын арасында театрлаштырылган интермедиялардын, сценкалардын, тамашалуу ырлардын кароо сынактары өткөрүлдү. Ар бир мектепте 2015- жылдын январь-февраль айларында окуучулар арасында кылмыштуулукту алдын алуу максатында айыл өкмөтү башчылары, прокуратура кызматкерлери, ИДН кызматкерлери ата-энелер, коомчулуктун катышуусу менен жолугушуулар өткөрүлдү.Мындан сырткары 2015 жылдын март-апрель айларында оспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча КВН дар уюштурулду
СПИДке каршы күрөшүү айлыгы жарыяланып, окуучулар менен дубал газеталардын сынагы, дил баяндар, тегерек солдор жана башка иш чаралар жүргүзүлдү.
Окуучулар арасында кылмыштуулукту алдын алуу максатындагы иш чаралар аткарылып, райондун ар бир мектебинде тегерек столдор, ИДН, прокуратура, коопсуздук кызматкерлери менен жолугушуулар өткөрүлдү. 2015 жылдын декабрь айында Х.Жээнбаев атындагы мектеп-лицейинин базасында Т.Атаев атындагы жана А.Мамытов атындагы мектептеринин 8-9-10-11 класстарынын 250 окуучулары, 55 ата-энелери, мектеп администрациялары, мугалимдери , Ысык-Көл районунун прокурору Таалайбеков М.Т, Ысык-Көл районунун ОВДсынын башчысы Т.М.Нуралиев, райондук ОВДсынын башчысынын орун басары Асаналиев К.Б,ИДН дин башчысы Шаршеналиева Г.А, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары С.Муканбаева,Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Абирова катышкан тегерек стол уюштурулду.Мындай иш чаралар билим берүү бөлүмү тарабынан даярдалган графиктин негизинде башка мектептерде дагы болуп өттү.
Окуу жылынын башында мектепке келбеген окуучуларды тактоо иш чаралары жүргүзүлдү. Окууга келбей жаткан окуучулар менен ИДНдин катышуусу менен иш чаралар жүргүзүлдү. Аталган окуучулардын ата энелери менен жолугушуп, түшүндүрүү иштери өткөрүлдү. Жыйынтыгында, мектеп жетекчилеринин берген маалыматтары боюнча мектепке 2015-жылдын 5-сентябрына карата төмөндөгү окуучулар келбей жаткандыгы аныкталды:
1. ЖыргалбеккызыМунара-8-класс- Н.Лященко атындагы мектеби
2. ЖыргалбеккызыГульдана-3-класс- Н.Лященко атындагы мектеби
3. Көкөев Аббас-6-класс-Э.Керимгазиев атындагы мектеби
4. Көкөева Мадина-8-класс- Э.Керимгазиев атындагы мектеби
5. Көкөев Анас-9-класс-Э.Керимгазиев атындагы мектеби
6. Асанкожоев Асман-8-класс-К.Кудайбердиева атындагы мектебинен
Райондун мектептеринде хиджаб киймин кийген окуучулардын саны-50. Алар: Ж.Шабиров таныдагы орто мектебинде 2 окуучу,И.Бейшембаев атындагы орто мектьебинде -1 окуучу, Н.Г.Лященко атындагы орто мектебинде-5 окуучу, Кожояр орто мектебинде -2 окуучу,П.Ф.Колесников атындагы орто мектебинде -8 окуучу,А.Пушкин атындагы орто мекиебинде-10 окуучу,Т.Атаев атындагы орто мектебинде-3 окуучу, А.Осмонов атындагы мектеп-гимназиясында – 2 окуучу,К.Бектенов атындагы орто мектебинде-2 окуучу, Нурдөөлөт ата атындагы орто мектебинде-1 окуучу,О.Джумаев атындагы орто мектебинде –3 окуучу. Бул окуучулар менен билим берүү бөлүмү, мектеп администрациялары аңгемелешүүлөрдү өткөрүп келет.
Улуу Жеништин 70 жылдыгына карата мектептерде райондук билим берүү бөлүмүнүн буйругунун негизинде 9-май Жеңиш күнүнө карата даярдыктар жүргүзүлдү.Аталган иш чарага арналган тарбиялык сааттар, тегерек стол, семинарлар өткөрүлүп, эстеликтердин айланасы тазаланды. Жеңиш күнүнө арналган салтанаттуу парад бардык айылдарда өткөрүлүп, мектеп окуучулары жана мугалимдер активдүү катышты.9-майда жер жерлерде Жениш күнүнө арналган салтанаттуу иш чаралар болуп өттү. Салтанаттуу иш чараларга мектеп окуучулары жана мугалимдер активдүү катышып, ардагерлерге окуучулардын күчү менен даярдалган концерттик программалар көрсөтүлдү.
IV.БАШКАРУУ.
Билим берүү бөлүмү тарабынан мектепке чейинки тарбия берүү уюмдарында кадрдык саясат жүргүзүү иштерин алып барды. Кашат айылындагы “Жеткинчек” бала бакчасынын жана Булан-Согөттү айылындагы “Жылдызча” бала бакчасынын , Кашат айылындагы бала бакчанын ачылышы, директорун конкурстук негизиде дайындоо, Чон-Сары-Ой айылындагы “Ынтымак” бала бакчанын ачылышы, директорун конкурстук негизиде дайындоо, Бактуу-Долоноту айылындагы “Мээрим” бала бакчасынындиректорлорун конкурстук негизде кабыл алууну уюштурду жана бекитти. Мындан тышкары окуучулардын билим алуусуна жана мугалимдердин иштешине жакшы шарт түзүп берүүнүн үстүндө иш алып барды. 2015 жылдын январь , февраль ,март айларында мектептерди жылуулук менен камсыз кылууну көзөмөлгө алды жана уюштуруу иштерин аткарды.
Окуу китептери менен камсыз кылуу иштери аткарылды.Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2015- жылдын январындаушул күнгө чейин билим берүү министрлигинен 1774282 сомго шкаф,доска, парталар,1946748 сом окуу китептерисомго кыргыз жана орус тилинде окутулган китептери алынып келинип, мектептерге жеткирилди.
Мектептерде тамак аш менен жана ашкана инвентарлары менен камсыз болуусу. Мектептерде 1-4 класстын окуучуларына тамак-аш уюштурууну камсыздоо жана сапаттуу берилишин билим берүү болүмү тарабынан көзөмөл уюштурулуп турду.Мектеп ашканаларынын санитардык абалы, булочка жана сут азыктарынын сапаты көзөмөлдөнүп жыйынтыгы билим берүү болүмүнүн коллегиясында талкууланды.
2015-2016 окуу жылына карата мектептердин кезектеги ремонт иштери ийгиликтүү аяктап, жаңы окуу жылы уюшкандыкта башталды. Жаңы окуу жылына карата окуучулардын саны такталып14932 окуучу менен 658 класс комплект менен бекитилди.1118 мугалим тарификациядан өткөрүлдү.
2015 жылдын октябрь айынан бери билим берүү бөлүмү тарабынан мектептердин 2015-2016 жылынын кыш-күз мезгилине карата даярдыгы жана өтүшү көзөмөлгө алынып , жылуулук менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлдү жана жүргүзүлүп жатат.
1.Окуу-тарбия иштери боюнча тематикалык кароо- сынактарды уюштуруу.
Мугалимдерге тематикалык семинарларды жана кароо сынактырды уюштуруу жолго коюлду. Үстүбүздөгү жылдын апрель айынын 25-26 чейин райондо алдынкы тажрыйбаны жайылтуу максатында “Жылдын мугалими -2015 “ кароо сынагы өткөрүлүп, женүүчүлөр аныкталды. Бул кароо сынакта Ш.Эсеналиев, А.Пушкин, Бает, К.Эшенкулов, О.Джумаев, Ч.Иманкулов атындагы орто мектептеринин мугалимдери эң жакшы даярдыкта келишкен.Областтык денгээлде өткөрүлгөн “Жылдын мугалими” кароо сынагында Бает орто мектебинин орус тили жана адабият мугалими А.Тахтоева үчүнчү байгелүү орунду камсыз кылду. “Жылдын мыкты мектеби”, ”Мыкты бала бакча” кароо сынагы уюштурулуп, жыйынтыгы чыгарылып, областтык денгээлде К.Бектенов атындагы орто мектеби I-орунга, Н.Г.Лященко атындагы орто мектеби III- орунга, Жылдызча бала бакчасы II- орунга , Жаш муун бала бакчасы IV- орунга ээ болушту. Республикалык кароо сынакта К.Бектенов атындагы жалпы орто билим берүү мектеби мыкты мектептердин бири деп табылды.
2015- жылдын январь айында айында райондук денгээлде “Мыкты уюштуруучу” кароо сынагы өткөрүлүп Ш.Эсеналиев атындагы орто мектебинин уюштуруучусу Байтемирова А, Н.Г. Лященко атындагы орто мектебинин уюштуруучусу Дюшебаева Г, Акун Мыктыбек уулу атындагы орто мектебинин уюштуруучусу А.Жаныбаевалардын иши мыкты деп табылып , 2015 жылдын февраль айында өткөрүлгөн областтык кароо сынакта Ш.Эсеналиев атындагы орто мектебинин уюштуруучусу Байтемирова А.А- I-орунду , Н.Г.Лященко атындагы орто мектебинин уюштуруучусу Дюшебаева Г -I-орунду, Акун Мыктыбек уулу атындагы орто мектебинин уюштуруучусу А.Жаныбаева- III орундарга ээ болушту.
2015 жылдын февраль айында Улуу Жеништин 70-жылдыгына карата А.Осмонов атындагы мектеп гимназиясынын актылык залында райондук дээнгелде “Кана эмесе мырзалар” аттуу кароо- сынак мектептерде эмгектенип жатышкан жаш мугалимдер үчүн уюштурулду.
Окуу-методикалык бирикмелердин ишин уюштуруу жана тескөө иш чаралары аткарылды.Мугалимдердин проффесионалдык денгээлин жогорулатуу максатында 2015 жыл ичинде 24 жолу семинарлар уюштурулуп, 720 мугалимге 840 стандарттуу эмес, иноовациялык сабактара көрсөтүлдү. Акун Мыктыбек уулу атындагы, К.Бектенов, Э.Керимгазиев атындагы орто мектептеринин базаларында математика сабагы мугалимдердин, физика мугалимдеринин райондук бирикмесинин окуу методикалык семинары болуп өттү. 2015 жылдын март айынан баштап ай сайын Өрнөк, А.Түмөнбаев, О.Джумаев, Акун Мыктыбек уулу, Ю.Абдрахманов, К.Бектенов, Э.Керимгазиев атындагы орто мектебинин базасында башталгыч класстардын мугалимдеринин, А.Осмонов атындагы мектеп гимназиясынын жана С.М.Киров атындагы мектеп-лицейинин базаларында англис тили мугалимдеринин семинары өткөрүлдү. Бул семинарларга жапысынан мугалим катыштып, алдынкы тажрыйбаларды көрө алышты. ”Мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүн өркүндөтүүдө ТСОну пайдалануу менен окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыруу”Куррикуллумду ишке ашыруу, башталгыч калсстарда баалоонун ыкмалары, “Бирге окуйбуз” ж.б тематикадыгы семинарлар Өрнөк , О.Джумаев, К.Орозов, А.Түмөнбаев , Э.Керимгазиев, К.Эшенкулов, А.Осмонов мектеп-гимназиясында, Х.Жээнбаев атындагы мектеп-лицейинде башталгыч класстардын мугалимдери үчүн уюштурулду. Мугалимдерге электрондук билим берүүнүн ресурстарын үйрөнүү, компетенттүү окуучуларга сапаттуу билим берүүдө колдонууга багыт берүүчү семинарлар уюштурулду. С.М.Киров атындагы мектеп-лицеининин базасында “Интерактивдүү усулдарды пайдалануу менен окуучулардын билим сапатын жогорулатуу” темасында мектеп жетекчилеринин семинары болуп өттү. Ал эми Өрнөк орто мектебинин базасында башталгыч класстардын мугалимдеринин, К.Бектенов атындагы орто мектебинин базасында математика мугалимдеринин семинары, К.Эшенкулов атындагы орто мектебинин базасында мектеп жетекчилеринин семинары болуп өттү. Бул семинарлар окуучулардын билим сапатын жогорулатууга арналды. ЮСАИДдин “Бирге окуйбуз” проектисинин алагында 1-4 класстын окуучулары жана ата-энелери катышкан иш чара К.Кудайбердиева атындагы орто мектебинин базасында райондук денгээлде болуп өттү. Бул иш чара Ч.Айтматовдун жана А.Осмоновдун чыгармаларынан көркөм окуу, ата-энелер жана балдардын күчү менен сахналаштырылып даярдалган чыгармалар көрсөтүлдү. Бул иш чарага 90дон ашуун ата –энелер жана 1-4 класстын 460 окуучусу катышты.
2015-жылдын 12-13 июнунда А.Түмөнбаев жана Нурдөөлөт ата атындагы Улуттук-этнографиялык мектебинин базасында “Зомбулуксуз мектеп” аттуу Республикалык семинар жогорку денгээлде өткөрүлдү. Семинардын ишине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Вице Премьер министри Д.Ниязалиева, Билим берүү жана илим министри Э.Сариева, район, областтардан келген билим берүү болүмүнүн башчылары, мектеп жетекчилри катышышты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Вице Премьер министри Д.Ниязалиева А.Түмөнбаев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучуларына повар-официант кесиби боюнча алгачкы сертификаттарды тапшырды.
2.Спорттук иш чаралардын аткарылышы .
2015 жылдын апрель айында райондук денгээлде окуучулардын спартакиадасы мектептерде өтүлүп , жыйынтыктары чыгарылды.
“Ысык-Көл облусунун окуучулар арасында спорттун түрлөрү боюнча IV Манасиадасынын жыйынтыгы
Ысык-Көл районуээлеген орундар.
1. Жеңил атлетика кыздар арасында- II орун,
2. Грек- рим күрөшү боюнча-II орун,
3. Күрөш боюнча –III орун,
4. Эркин күрөш -III орун,
5. Самбо –III орун,
6. Футбол-I орун,
7. Манас таануу-I орун.
Өткөн жылдарга салыштырмалуу окуучулар арасында болуп өткөн спартакиадада райондун комнадасы III орун орунду камсыз кылышты.
Окуучулардын Республикалык спартакиадасынын жыйынтыктар төмөндөгүдөй болду.
1. Футбол боюнча курама команда (15 бала) – IIорунга ээ болду.
2. Самбо – I орун,
3. Эркин күрөш- Iорун,
4. Греко-рим күрөшү-II орун,
5. Жеңил атлетика-I орун
Жашылдандыруу.
Ысык-Көл районунун мектептеринде 2015- жылдын март айынан баштап мектептердин айланасын жашылдандыруу максатында үч айлык жарыяланган. Мектептердин айланасын тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү. Жалпысынан алганда райондун мектептерине 1700- терек, 152 түп карагай,50 түп туя, 250 түп ак кайын, 31 түп сосна, 78 түп сирень, 253 түп алма, 50 түп алмурут,36 түп абрикос, 60 түп алча 420 түп роза, 60 түп липа бак дарактары отургузулду. Мындан сырткары мектептин гүл аянтчаларына ар түрдүү гүлдөрдүн көчөттөрү айдалган жана өстүрүлдү.
Сообщение без заголовка - Feb 18, 2021 3:34:31 AM