2015 -жылдын 8 декабрында Ысык-Көл районунун К.Кудайбердиева атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин базасында райондук денгээлде ЮСАИД тарабынан жүргүзүлүп жаткан "Бирге окуйбуз" проектисинин алкагында мектептердин 1-4 класстарынын окуучулары, ата-энелери менен бирдикте Ч.Айтматовдун жана А.Осмоновдун чыгармаларынан көркөм , театралдашкан иш чара жогорку денгээлде өткөрүлдү. Бул иш чарага Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Д.Иманалиев, "Бирге окуйбуз" проектисинин Ысык-Көл облусундагы координатору Жанадилов Т.С, Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абирова Д.Э катышышты.
2016жылдын 28-29 январында А.Мамытов атындагы мектеп-гимназиясынын базасында окуучулардын предмет аралык 46 олимпиадасы болуп өттү. Жеңүүчү деп табылган 34 окуучу областтык олимпиадага жолдомо алышты. Бул окуучуларга райондук билим берүү бөлүмү жана райондун билим берүү системасында иштеп жаткан педагогдор ийгиликтерди каалайт.
2016 жылдын 30 январында М.Ноорузбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин базасында "Бирге окуйбуз проектисинин алкагында башталгыч класттардын мугалимдеринин семинары жогорку денгээлде өткөрүлдү.Бул семинарга райондун мектептеринен окуу бөлүм башчылары да катышты.
2016 жылдын 22 февралында мектептер арасында Милициянын жаш достору кароо сынактары өткөрүлп жыйынтыгы чыгарылды. Кароо сынакка Ысык-Көл районунун ички иштер бөлүмүнун башчысы , билим берүү бөлүмүнун башчысы Д.Абирова жана башкалар катышты.
2016 жылдын 24-26 мартында Каракол шаарында окуучулардын областтык олимпиадасы болуп өттү. Биздин команда жакшы ийгиликтерге жетишип келишти. Х.Жээнбаев атындагы мектеп лицейинин 10 классынын окуучусу Байсеркеев Сыймык, 11 классынын окуучусу Сабырбеков Чолпонбек, А.Мамытов атындагы мектеп- гимназиясынын 11 классынын окуучусу Рымова Айзада, А.Пушкин атындагы орто мектебинин 11 классынын окуучусу Айтбаева Айжан, К.Эшенкулов атындагы орто мектебинин 10 классынын окуучусу Акынбаев Алтынбек, Ч.иманкулов атындагы орто мектебинин 11 классынын окуучусу Кубат кызы Нуркыз мыкты жетикендиктерге жетишишип, Республикалык олимпиадага жолдомо алышты.
Областтык олимпиаданын жыйынтыгында биздин окуучулар командасы 6 окуучу - I орунга, 8 окуучу -II орунга, 10 окуучу- IIIорунга ээ болушту.
Без названия - Jun 15, 2015 6:13:37 PM
Без названия - Jun 16, 2015 8:24:51 AM
Сообщение без заголовка - Nov 27, 2015 8:52:22 AM
Сообщение без заголовка - Dec 08, 2015 3:54:8 AM