2015-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим
министри Э.К.Сариева Ысык-Көл районунда иш сапар менен болгон. Эльвира Кубанычбековна Чолпон-Ата шаарындагы Билим-Ордо мектеп комплексинде мектеп менен таанышуу учуру.
2015 -жылдын 8-декабрында К.Кудайбердиева атындагы орто мектебинин актылык залында райондук денгээлде ЮСАИД уюму тарабынан өткөрүлүп жаткан "Бирге окуйбуз" долбоорунун алкагында 1-4 класстардын окуучуларынын арасында Ч.Айтматов жана А.Осмоновдун чыгармаларынан көркөм , театралдашкан иш чара жогорку денгээлде өткөрүлдү. Бул иш чарага Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Д.Иманалиев, "Бирге окуйбуз" проектисинин Ысык-Көл облусундагы координатору Жанадилов Т.С, Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абирова Д.Э катышышты.
Бул иш чарага Ю.Абдрахманов, Э.Керимгазиев, К.Кудайбердиева, Ш.Эсеналиев атындагы жана Кожояр орто мектептери мыкты даярдыкта келишкен.
А.Пушкин , П.Ф.Колесников, К.Орозов орто мектептеринин "Бирге окуйбуз" иш чарасында жакшы даярданып келишкендиктери белгиленди.
Ысык-Көл районунун мектептеринде 2014-2015 окуу жылынан баштап окуучуларга кесиптик билим берүү курстары киргизилди.
1. Мектептерде окуучуларга алгачкы кесиптик билим берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы Билим-Ордо мектеп комплексинен П.Ф.Колесников атындагы орто мектептериин базаларында аткарылып жаткан иш чаралары боюнча мектеп жетекчилеринин семинары болуп өтүп , анда Билим-Ордо мектеп комплексинен П.Ф.Колесников атындагы орто мектептериин базаларында аткарылып жаткан иш чаралардын аткарылышы мектеп жетекчилерине көрсөтүлдү. Ушундай эле семинар май айында Ю.Абдрахманов мектебинен Ж.Шабиров атындагы орто мектебине чейин кесиптик билим берүү боюнча семинар уюштурулду.Семинардын максаты окуучуларга кесиптик билим берүүнү ишке ашыруу болду. 2020-жылга чейинки билим берүүнү өркүндөтүү Концепциясынын бир багыты окуучуларга кесиптик билим берүү. Райондун ар бир мектебинде инсанга татыктуу билим берүү менен турмушка тарбиялоо, кесиптин ээлерин даярдоо боюнча зор иштер аткарылууда. Мектептердин шартына жараша атайын кесиптик билим берүүчүлүк тикмечи-бычмачы, повар-официант, багбан, цветовод (гүл өстүрүүчү) жана башка курстар ачылып иштей баштады. Х.Жээнбаев атындагы (дир. Сулайманов Ж.М.) , Билим-Ордо мектеп комплекси (дир. Ворочева Л.Н.), Ч.Иманкулов атындагы (дир Сыдыкова Г.М.), К.Орозов атындагы (дир Абирова Н.Э), Э.Керимгазиев атындагы (дир Кыштообаева Б), Ноорузбаев атындагы (дир.Эмилбекова Э), К.Тынстанов (дир Иманалиева Ж.Т.), Нурдөөлөт ата Улуттук-этнографиялык мектеби(дир. Кудабаева В.С.), Акун Мыктыбек уулу атындагы (дир.Сулайманова К), О.Джумаев атындагы (дир. Усенбаева А) , К.Маматов (дир Есенаманова А.М.) мектептеринде тикмечи –бычмачылык кесиптери окулуп жатса, А.Тумөнбаев( дир Самаков Э.К.) , Бает(дир Жайлообаев Ч.), Х.Жээнбаев атындагы (дир. Сулайманов Ж.М.) , К.Бектенов (дир. Мамытова Р.Т ) С.М.Киров (дир Абыканова А.Д) ,Ю.Абдрахманов (дир Токсобаева Д.А) орто мектептеринде повар –официант кесиптери окутулуп, алгачкы жыйынтыктар бериле баштады. Х.Жээнбаев атындагы мектеп-лицейинин жана А.Түмөнбаев атындагы орто мектебинде кесиптик билим алышкан окуучулар мамлекеттик үлгүдөгү сертификаттарга ээ болушту.Бул иш чара 2015-2016 окуу жылында дагы ийгиликтүү өтүүдө.
2016 жылдын 30 январында Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылындагы М.Ноорузбаев атындагы орто мектебинде "Бирге окуйбуз"долбоорунун негизинде башталгыч класстардын мугалимдеринин семинары болуп өттү. Бул семинарга райондун мектептерине 56 мугалим жана окуу бөлүм башчылары катышты. Семинар жогорку денгээлде өттү, мугалимдер арасында тажрыйба алмашуулар болду.
2016 жылдын 28-29 январында А.Мамытов атындагы мектеп- гимназиясынын базасында райондук денгээлде окуучулардын 46 олимпидасы болуп өттү.Райондук олимпаидада женүүчү деп табылган 34 окуучу областтык олимпиадага катышууга укук алышты.
2015 -жылдын 25-декабрында Чолпон-Ата шаарындагы Көгүлтүр Ысык-Көл санаториясынын базасында Социалдык жактан аз камсыз болгон үй бүлөөдөгү жана жетим балдар үчүн "Балаты" майрамы уюштурулду. Балдарга майрамдык маанай тартууланып, белектер берилди. Чолпон-Ата шаарынын тургуну М.Аалиева жана Патипа апа коому тарабынан ар бир окуучуга белектен сырткары 1000 сомдон акчалай сыйлыктары берилди.
Ысык-Көл районунун Бактуу- Долоноту айылында 2015 жылдын 2-декабрында "Березка" бала бакчасы 154 бала менен ачылып, иштеп жатат. Бактуу-Долоноту айылындагы”Березка”бала бакчасы 2011-жылы “Мээрим”фондусу тарабынан кайтарылып , Бостери айыл өкмөтүнүн балансасына коюлган. Бала бакча 1976 жылы №54 асыл тукум жылкы заводу тарабынан 120 орунга ылайыкташтырылып курулган. Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунан 1.964 млн , жергиликтүү бюджеттен 12.4 млн. сом акча каражаты бөлүнүп,бала бакчанын капиталдык ремонтуна жумшалды. Мындан сырткары 2015 жылы жергиликтүү бюджеттен 2.5 млн сом ички жана сырткы эмеректерин алууга каралды. “Березка “ бала бакчасынын капиталдык ремонтуна жана ички, сырткы инвентарларына жумшалган сумма 14.9 млн сомду түздү.
Ысык-Кол районунун мектептеринде окуучулар арасында кылмыштуулукту алдын алуу максатында иш чаралар уюштурулууда, Бостери айылындагы Х.Жээнбаев атындагы мектеп лицейинде "Оз укугубузду билуу, милдеттерибизди аткаруу менен биримдикке жана ынтымактуулукка жол табабыз" деген темада тегерек стол өткөрүлдү. Бул тегерек столго обласстык Ынтымак коомунун жооптуу катчысы Д.Касымалиев, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Муканбаева С, Ысык-Көл райондук билим беруу болумунун башчысы Д.Э.Абирова, ички иштер бөлүмүнүн башчысы Нуралиев Т.М, Ысык-Көл районун прокурору Таалайбеков М.Т, ички иштер бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысы Шаршеналиева Г.А, Бостери айыл аймагынын башчысынын орун басары Т.Казыбаев, жана Бостери айыл аймагына караштуу мектептердин 8-9-10-11 класстарынын окуучулары мектеп жетекчилери катышышты. Жогоруда аталган жетекчилер окуучулар менен бирдикте тегерек столдун ишине активдүү катышышып, иш чара жогорку денгээлде өткөрүлдү.
Азыркы учурда райондун башка мектептеринде да жогорудагыдай иш чаралар өткөрүлүп жыйынтыктары чыгарылды.
Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан К.Бектенов атындагы орто мектебинин базасында СПИД ке каршы күрөшү максатында жарыяланган үч айлыктын жыйынтыгы менен окуучулар, мугалимдер катышкан тегерек стол уюштурулду.
Окуучуларга кесиптик билим берүү - Dec 18, 2015 3:54:19 AM